Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-январы № 17
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №96, 2012-жылдын 15-февралындагы №97, 2015-жылдын 13-марты № 118, 2015-жылдын 2-декабры № 820, 2016-жылдын 23-августундагы № 452, 2018-жылдын 26-мартындагы № 154 , 2019-жылдын 12-июлундагы № 346, 2020-жылдын 10-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жана Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналары 1-тиркемеге ылайык;
- Республикалык спорттук колледждин, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин, дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр мектептеринин жана балдар-өспүрүмдөр клубдарынын администрациялык-башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналары 2-тиркемеге ылайык;
- машыктыруучу-окутуучулар курамынын кызматтык маяналары 3-тиркемеге ылайык;
- машыктыруучу-окутуучулар курамынын эмгек акысына үстөк акылардын өлчөмү 4-тиркемеге ылайык.
- дене тарбия жана спорт мекемелеринин администрациялык - башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык.
- спорт боюнча инструкторлордун кызматтык маяналары 6-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №96, 2012-жылдын 15-февралындагы №97, 2015-жылдын 13-марты № 118, 2015-жылдын 2-декабры № 820 , 2019-жылдын 12-июлундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Администрациялык-башкаруу кызматкерлеринин ардактуу наамы, бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы шартта иштегени үчүн нормативдик укуктук актыларга ылайык үстөк төлөнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №97 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Балансында спорттук жабдуулар бар мекемелердин администрациялык-башкаруу кызматкерлерине ар бир база үчүн 10 процентке чейин үстөк төлөнөт.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдын республикалык бюджетинде ушул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү каражат караштырсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
1-тиркеме
Спорттун олимпиалык түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун олимпиалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жана Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциянын административдик-башкаруу персоналынын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-июлундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Кызмат орундун аталышы | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Директор | 11000 |
2 | Директордун орун басары | 9000 |
2-1 | Ат майданын башкаруучу, спорттук ден соолукту чыңдоо лагерин башкаруучу | 9000 |
3 | Башкы бухгалтер | 7500 |
4 | Улук методист | 6500 |
5 | Методист | 6000 |
6 | Бухгалтер | 6000 |
2-тиркеме
Республикалык спорттук колледжинин, олимпиалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин, балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин жана дене тарбия жагынан даярдоочу балдар-өспүрүмдөр клубдарынын административдик-башкаруу персоналынын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-июлундагы № 346, 2020-жылдын 10-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык))
№ | Кызмат орундун аталышы | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Директор | 7200 |
2 | Директордун орун басары | 5760 |
3 | Башкы бухгалтер | 5400 |
4 | Методист | 4800 |
5 | Бухгалтер |
|
Эскертүү:
- олимпиалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналары 1,2 коэффициент менен белгиленет;
- Республикалык спорттук колледжинин, административдик-башкаруу персоналынын кызматтык маяналары 1,4 коэффициент менен белгиленет.
3-тиркеме
Машыктыруучу-окутуучулар курамынын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 12-июлундагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
N | Кызмат орундун аталышы | Кызматтык маяна |
1 | Башкы машыктыруучу | 8000 |
2 | Улук машыктыруучу | 7200 |
3 | Жогорку билимдүү машыктыруучу | 5600 |
4 | Атайын орто билимдүү машыктыруучу | 4800 |
5 | Атайын билими жок машыктыруучу | 4000 |
4-тиркеме
Машыктыруучу-окутуучулар курамынын эмгек акысына үстөк акылардын
өлчөмү
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-марты № 118, 2015-жылдын 2-декабры № 820, 2019-жылдын 12-июлундагы № 346, 2020-жылдын 10-августундагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекцияда, олимпиялык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринде, спорттук колледждерде жана балдар-өспүрүмдөр спорт мектептериндеги, балдар-өспүрүмдөр мектептеринин спорттук өркүндөтүү жана жогорку чеберчилик топторунда иштеген спорт боюнча машыктыруучу-окутуучуларга кызматтык маяналары 15 пайызга жогорулатылат.
2. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына иштеген жылдары, бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы шарттарда иштегени үчүн үстөк акы нормативдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.
3. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" же "Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген чебер" спорттук наамы бар спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналарына 800 сом өлчөмдө үстөк белгиленет.
4. Республикалык спорттук колледжге спортсмендерди даярдагандыгы жана өткөрүп бергендиги үчүн машыктыруучуга ошол спортсмен колледжде окуган бүткүл мезгилде ар бир спортсмен үчүн кызматтык маянасына 10 пайызга чейин өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт. Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекцияга өткөрүп берген ар бир спортсмен үчүн машыктыруучунун кызматтык маянасына 20 пайыз үстөк акы төлөнөт.
5. Спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын кызматтык маяналары жыл ичинде жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчуларды даярдагандыгы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө жогорулатылат:
№ | Иш-чаранын аталышы | Үстөктүн өлчөмү % менен | ||
100%га чейин | 75%га чейин | 50%га чейин | ||
|
| Ээлеген орундар |
|
|
1 | Олимпиалык оюндар, Паралимпиалык оюндар жана Сурдлимпиалык оюндар | 1-2 | 3-4 | 5-6 |
2 | Өспүрүмдөрдүн олимпиалык оюндары | 1 | 2-3 | 4-5 |
3 | Чоңдор арасында дүйнөнүн чемпионаты | 1-2 | 3-4 | 5 |
4 | Дүйнөлүк универсиада | 1 | 2 | 3 |
5 | Майыптар арасында дүйнөнүн чемпионаты | 1 | 2 | 3 |
6 | Азия оюндары | 1 | 2 | 3 |
7 | Азиянын чемпионаты | - | 1 | 2-3 |
8 | Дүйнөнүн чемпионаты: |
|
|
|
- жаштар арасында; | - | 1-2 | 3-4 | |
- өспүрүмдөр арасында | - | 1 | 2-3 | |
9 | Азиянын чемпионаты: |
|
|
|
| - жаштар арасында; | - | 1 | 2-3 |
| - өспүрүмдөр арасында | - | 1 | 2-3 |
Эскертүү:
Спорттун олимпиялык эмес жана улуттук эмес түрлөрү боюнча үстөктөрдүн өлчөмү - 50 пайызга аз. Кызматтык маяналарга үстөктөрдүн баары эмгек акы төлөө фондунун чегинде белгиленет;
жогоруда бекитилген нормативдерди аткарган спортчулардын тизмесин дене тарбия жана спорт тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
5-тиркеме
Дене тарбия жана спорт мекемелеринин администрациялык-башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн ҮСТӨКТҮН ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №97 токтомунун редакциясына ылайык)
Иш стажы | Үстөктүн өлчөмү (процент менен) |
Бештен он жылга чейин | 10% |
Ондон он беш жылга чейин | 20% |
Он беш жылдан ашык | 30% |
Эскертүү: иштеген жылдарына үстөк төлөө үчүн иш стажы эмгек стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын аныктоо боюнча комиссиянын курамы спорттук мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет. Бул учурда үстөктү аныктоо үчүн дене тарбия жана спорт системасынын тармактарындагы иш стажы эсептелет.
6-тиркеме
Спорт боюнча инструкторлордун КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-мартындагы № 118, 2019-жылдын 12-июлундагы № 346 токтомдорунун редакцияларына ылайык))
№ | Кызмат орунунун аталышы | Кызматтык маяна (сом) |
1 | Спорт боюнча инструктор | 7200 |
Эскерүү:
Спорт боюнча инструкторлорго иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмү дене тарбия жана спорт мекемелеринин администрациялык-башкаруу персоналынын кызматтык маяналарына карата иштеген жылдары үчүн үстөктүн бекитилген өлчөмүнө ылайык, ал эми бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн - ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленет.