Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 28 октябры № 467
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жобонун 11-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүлөр бекитилсин:
Тыналиев Нурлан Наркулович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын начальнигинин орун басары; |
Кутманов Айбек Жоромырзаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыкчам ишмердүүлүк боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги; |
Жылтыров Бакыт Жаңыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Шаршеев Уларбек Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Надырбеков Замирбек Касымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Джанузаков Адилет Канатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору. |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 14-мартындагы № 89 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 26-июнундагы № 286 буйругу.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |