Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 17-ноябры № 523
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 556 буйругунун редакциясына ылайык)
2015-жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын алты миллионунчу жаранынын төрөлө тургандыгына байланыштуу иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын алты миллионунчу жаранынын төрөлүшү боюнча зарыл болгон иш-чараларды аныктоо жана өткөрүү тартиби жөнүндө убактылуу жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, тиешелүү маселелерди чечүү үчүн эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо маселелери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Премьер-министринин 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 556 буйругунун редакциясына ылайык)
Бекбоев Адилет Зарлыкович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы; |
Мурзалиев Амангельди Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Суюмбаева Паиза Усенбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; |
Полотова Жылдыз Арстанбековна | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Секимов Бактыбек Шайыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Акишев Камчыбек Сабырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Асылбашев Калыйбек Шаршеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары; |
Исаев Санжарбек Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Касымбеков Байысбек | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Рыскулова Айгуль Маратбековна | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча). |