Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-ноябры № 528
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин мамлекеттик сатып алуулар методологиясы бөлүмүнүн башкы адиси, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзамдын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык мыйзамдардын методологиясы башкармалыгынын акциздер бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин мамлекеттик сатып алуулар методологиясы бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин укуктук иштер жана методологиялык иштер секторунун башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы;
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
- көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).