Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 24-ноябры № 551
Ош облусунун Кара-Суу, Алай жана Өзгөн райондорунун аймактарында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, калкка шашылыш жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн ыкчам чараларын көрүү максатында:
1. Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, жабыркаган калкка жардам көрсөтүү, материалдык зыянды аныктоо жана авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди жүргүзүү боюнча республикалык штабдын ишин уюштурсун.
3. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Ош шаарынын мэрине (макулдашуу боюнча), Кара-Суу, Алай жана Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрация башчыларына:
- өз күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылышсын;
- жер титирөөнүн натыйжасында жабыркаган калкка акысыз жардам көрсөтүүнү, анын ичинде эл аралык уюмдар менен аракеттенип уюштурушсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Тиркеме
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, республикалык штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, республикалык штабдын төрагасынын орун басары.
Республикалык штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).