Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-ноябры № 550
2015-жылдын 22-ноябрында эл аралык "Ош" аэропортунда, Красноярск-Ош рейсин аткарган "Авиа Траффик Компани" авиа компаниясынын катталган номери ЕХ237005 Боинг 737-300 аба кемеси учураган авиациялык кырсыктын фактысын териштирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Эл аралык "Ош" аэропортунда болгон авиациялык кырсыкты териштирүү боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия:
- он күндүк мөөнөттө авиациялык кырсыктын фактысы боюнча териштирсин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна корутундуну берсин;
- териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине авиациялык кырсыктан жапа чеккен жүргүнчүлөргө компенсация төлөө боюнча сунуштарды берсин.
3. Комиссияга мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн аппаратынын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
5. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча):
- эң кыска мөөнөттө "Ош" эл аралык аэропортунун учуучу-конуучу тилкелерин эксплуатациялоого даярдоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзсүн;
- авиациялык кырсыктан жапа чеккен жүргүнчүлөрдүн жүктөрүнүн сакталышын камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын авиа компанияларынын бардык аба кемелеринин техникалык абалын текшерсин жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берген авиа компанияларга карата белгиленген тартипте тиешелүү чараларды көрсүн;
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен бирдикте (макулдашуу боюнча) жагымсыз аба-ырайынын шарттарында учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте республиканын бардык аэропортторунда терроризмге каршы коопсуздукту контролдоону күчөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги авиациялык кырсыкта жапа чеккен жүргүнчүлөргө медициналык жана психологиялык жардамдарды көрсөтүү боюнча иш-чараларды камсыздасын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
Тиркеме
"Ош" эл аралык аэропортундагы авиациялык кырсыкты териштирүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Малабаев Аргынбек Джумабекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри, комиссиянын төрагасы; |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Асанов Курсан Сатарович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Мурзалиев Амангельди Джолдошбекович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Мамасадыков Рустам Алайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары; |
Убалиев Элдияр Маматжанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Омуралиев Эрмек Социалович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору; |
Рахманов Улукбек Айтбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Ормонов Жапарбек Туратович | - | Ош шаарынын вице мэри (макулдашуу боюнча); |
Чукуев Эмир Майрамбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы; |
Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун инвестициялык жана инфраструктуралык өнүгүү дирекциясынын директору; |
Шаршеев Сталбек Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын начальниги; |
Арпачиев Толонбек Асанбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин учуу эксплуатациялоо бөлүмүнүн начальниги; |
Джунушалиев Бакыт Женишевич | - | Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация ишканалар ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча). |