Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 29-декабры № 578-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 323-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "Өнүктүрүү концепциясынын долбоорун жана" деген сөздөр алып салынсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "Өнүктүрүү стратегиясынын долбоору" деген сөздөр түрдүү жөндөмөдөгү "Өнүктүрүү программасынын долбоору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 2018-2023-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасынын (мындан ары - Өнүктүрүү программасы) долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.";
- 2 пунктта:
экинчи абзацындагы ''2015-жылдын 20-декабрына чейин" деген цифралар жана сөздөр "2017-жылдын 20-февралына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эл аралык жана улуттук эксперттерди тартуу менен Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуучулардын тематикалык топторун түзсүн;";
алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жетинчи абзацындагы "10-мартына чейин" деген цифралар жана сөздөр "10-сентябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 пунктта:
үчүнчү абзацындагы расмий тилдеги текстте "графики" деген сөз "график" деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
сегизинчи абзацындагы "10-апрелине чейин" деген цифралар жана сөздөр "10-октябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
онунчу абзацындагы "30-июнуна чейин" деген цифралар жана сөздөр "30-ноябрына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4 жана 5-пункттарындагы "мамлекеттик комитеттин" деген сөздөр "мамлекеттик комитеттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Тиркеме
2018-2023-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын "Жер Азыгы" агробизнесмендер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).".