Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-июлу № 323-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2018-2023-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасынын (мындан ары - Өнүктүрүү программасы) долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин координациялоосу менен 2017-жылдын 20-февралына чейин чейин:
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- эл аралык жана улуттук эксперттерди тартуу менен Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуучулардын тематикалык топторун түзсүн;
- Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кирүүсүн жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын эсепке алсын;
- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- 2017-жылдын 10-сентябрына чейин Стратегиянын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын;
- Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу графигин, түзүмдүн долбоорун жана тиркемелердин форматтарын, ошондой эле Өнүктүрүү программасынын долбоорунун бөлүмдөрүн даярдоого стандарттуу талаптарды даярдасын;
- мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, илимий чөйрөнү, бизнес-коомдоштуктарды, жарандык секторду жана донордук коомдоштукту кошкондо, бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу процессинин айкындуулугун камсыз кылсын;
- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен Өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгууга көз каранды эмес улуттук эксперттерди тартсын;
- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- 2017-жылдын 10-октябрына чейин Стратегиянын долбоорун коомдук талкуулоону уюштурсун;
- (9-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
- 2017-жылдын 30-ноябрына чейин Өнүктүрүү программасынын долбоорун жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей ушул буйруктун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ведомстволор аралык жумушчу топтун суроо-талаптары боюнча керектүү маалыматтарды берип турушсун, ведомстволор аралык жумушчу топтун жана тематикалык топтордун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун түзүү үчүн материалдарды даярдоонун сапатына жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 94-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |
Тиркеме
2018-2023-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 578-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын биринчи вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз тоо-кен ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "Легпром" жеңил өнөр жай ишканалар ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын "Жер Азыгы" агробизнесмендер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).