Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-марты № 109-б
Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында 2016-жылдын 23-24-мартында болуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Бишкек шаарында балдар ооруканасын реабилитациялоо" жана "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорлорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Байгончоков М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, делегациянын башчысы; |
Борубаев С.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Исмаилов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин реформаларды киргизүүнү координациялоо башкармалыгынын начальниги; |
Атамбеков Ш.А. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментинин директору; |
Мурзаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги; |
Бекташов Т.И. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын калкты документтештирүү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы. |
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |