Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 17 марты № 105-б
Радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль атомдук электр станциясындагы (мындан ары - Чернобыль АЭС) кыйроонун 30 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды издеп тапсын жана бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдаганда аталган кошумча финансылык каражаттарды караштырсын.
3. Иш-чаралар планынын жооптуу аткаруучулары болгон мамлекеттик органдар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын;
- 2016-жылдын 5-декабрына чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 2016-жылдын 20-декабрына чейинки мөөнөттө Иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин,
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |
Тиркеме
Радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
1. Уюштуруучулук-методикалык иш-чаралар | ||||
1 | Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган эстелик белгини даярдоо, аларды чернобыль апаатынын кесепетинен жабыр тарткан майыптарга жана адамдарга, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жана анын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жана анын кесепеттерин жоюуга катышкан каза болгон адамдардын жесирлерине тапшыруу | 2016-жылдын март-апрели | ӨКМ, ФМ | РБ |
2 | "Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгынын контекстинде Кыргыз Республикасында радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу: өткөн кез, учурда жана келечекте, проблемалардын комплекси жана аны чечүүнүн жолдору" темасында Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияны өткөрүү | 2016-жылдын март-апрели | ӨКМ, Токой агенттиги, ССМ, ФМ, Кыргыз Республикасынын "Союз-Чернобыль" ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар |
3 | Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган марафондорду (кайрымдуулук акцияларын) өткөрүү | 2016-жылдын апрели | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын "Союз-Чернобыль" ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкары каражаттар |
4 | Республиканын баардык шаарларында жана райондорунда радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган: - чыгармачыл жамааттардын жана аткаруучулардын концерттерин; - көркөм жана фотосүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруу жана өткөрүү | 2016-жылдын апрели | ММТМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар |
5 | Радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу | 2016-жылдын март-апрели | ИИМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде |
6 | Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган, Чернобыль АЭСиндеги кыйроого катышкан адамдардын катышуусу менен теле көрсөтүүлөрдүн циклин даярдоо жана борбордук жана жергиликтүү теле берүүлөрдү уюштуруу | 2016-жылдын апрели | ММТМ, ӨКМ, "Эркин Too" гезити, ЭлТР, КТРК (макулдашуу боюнча) "Мир" МАТРК (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде |
2. Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепетинен жапа чеккен жарандардын социалдык-тиричиликтик жашоо шартын жакшыртуу боюнча иш-чаралар | ||||
7 | Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жапа чеккен жарандарга бир жолку акчалай жөлөкпулду төлөп берүүнү камсыз кылуу | 2016-жылдын март-апрели | ФМ, ЭСӨМ, ТКМ | РБ |
8 | Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун натыйжасында пайда болгон ооруудан жапа чеккен адамдарды, ошондой эле чернобыль кыйроосуна байланыштуу майып болгондугу аныкталган майыптарды текшерүү жана медициналык жардам көрсөтүү | Дайыма | ССМ, ММКФ | Бекитилген бюджеттин чегинде |
9 | Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун натыйжасында майып болгон жарандардын турак-жай - тиричилик шарттарына изилдөө жүргүзүү жана керектүү жардамды көрсөтүү үчүн чараларды көрүү | Дайыма | КРӨнун облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде |
3. Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун курмандыктары жөнүндө эстеликти түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралар | ||||
10 | Чернобыль АЭСиндеги апааттын курмандыктарынын эстелик обелисктерин көрктөндүрүү | 2016-жылдын март-апрели | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар |
11 | Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган китептерди басып чыгаруу | 2016-жылдын октябрь-ноябрь | Кыргыз Республикасынын "Союз-Чернобыль" ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкары каражаттар |
12 | Радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышын камсыз кылуу жана коомчулукка Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттери жөнүндө маалымдоо | 2016-жылдын апрель-октябры | ММТМ, ӨКМ, ЭлТР, "Эркин Too" гезити, КТРК (макулдашуу боюнча), "Мир" МАТРК (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын "Союз-Чернобыль" ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча) | Бюджеттен тышкары каражаттар |
13 | Билим берүү уюмдарында радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган маалыматтык бурчтарды, такталарды уюштуруу | 2016-жылдын март-майы | БИМ | Бюджеттен тышкары каражаттар |
14 | Республиканын баардык шаарларында жана аймактарында радиациялык кырсыктардын жана апааттардын курмандыктарын эскерүүнүн эл аралык күнүнө жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун 30 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүү | 26-апрель 2016-жыл | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын "Союз-Чернобыль" ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча) | Бекитилген бюджеттин чегинде, бюджеттен тышкары каражаттар |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиокомпаниясы |
МАТРК "Мир" | - | "Мир" Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы |
РБ | - | республикалык бюджет |