Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 9-марты № 90-б
Грузия Республикасынын Тбилиси шаарында 2016-жылдын 14-15-мартында өтүүчү Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын биринчи жыйынына катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2016-жылдын 13-16-мартында Грузия Республикасынын Тбилиси шаарына жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |
Тиркеме
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-грузин комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору; |
Эсенкулов Нурмамат Жокенович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Секимов Бактыбек Шайыкбекович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Рыскулов Уланбек Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Сагымбаев Абдисамат Акимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин статс-катчысы; |
Исабаева Зина Беккелдиевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Калиев Айбек Рыспекович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Бакаев Азат Джумгалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Утебаев Медер Шамшыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Кудайбердиева Айзада Бердибековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы. |