Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-октябры № 506-б
2015-жылдын 14-15-октябрында Казахстан Республикасынын Астана шаарында өтө турган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Евразия экономикалык комиссиясынын жогоруда аталган кеңешинин отурумунун чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |
Тиркеме
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, делегациянын жетекчиси; |
Усупов Усен Макаевич | - | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзундагы өкүлү; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Кутуева Айбермет Бектуровна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Сулайманов Азамат Талантбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Осмоналиев Самир Кушайынович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Мукашев Болот Бешимбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык биримдиктер департаментинин директору; |
Насиров Эдуард Кашкаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык укук департаментинин кеңешчиси; |
Новиков Артем Эдуардович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин кеңешчиси; |
Киселева Римма Хаджимуратовна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык биримдиги менен жана ДСУ маселелери боюнча иштөө башкармалыгынын начальниги; |
Ормонова Сыядат Акматбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Евразия экономикалык биримдиги менен жана ДСУ маселелери боюнча иштөө башкармалыгынын ДСУ маселеси боюнча секторунун башчысы; |
Кожомбердиева Акылай Тураровна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердикти жөнгө салуу башкармалыгынын ишкердик саясат жана ЭЭЗ секторунун башчысы. |