Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 25-майы № 183-б
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Таштак-Кызыл-Сеңир автомобиль жолунун узундугу 1,3 км болгон участогу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолунун участогун оперативдүү башкарууга алсын;
- оперативдүү башкарууга алынган автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоо иштерин жана кармоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2017-жылы бөлүнгөн жана кийинки жылдары бөлүнүүчү каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |