РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 183-б (Автомобиль жолунун участогу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которуу жөнүндө) буйругу

Редакция25.05.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 25-майы № 183-б

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы Таштак-Кызыл-Сеңир автомобиль жолунун узундугу 1,3 км болгон участогу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолунун участогун оперативдүү башкарууга алсын;

- оперативдүү башкарууга алынган автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоо иштерин жана кармоону Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине республикалык бюджеттен 2017-жылы бөлүнгөн жана кийинки жылдары бөлүнүүчү каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков