Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 15-марты № 75-б
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, 2017-жылы айыл чарба талаачылык сезондук жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жылы айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш чаралар планы) 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги сунуштаган 2017-жылдын түшүмүн алуу үчүн эгиле турган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын түзүмүн 2-тиркемеге ылайык аткарууга кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясына нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизелдик отундун жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын 2017-жылдагы айыл чарбасынын талаачылык сезондук иштерин жүргүзүүдө керектелүүчү көлөмүн 3-тиркемеге ылайык топтоо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Иш-чаралардын планынын аткарылышын камсыздасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жалпыланган маалыматты төмөндөгү мөөнөттөрдө берсин:
- жазгы-талаа жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 15-июлуна чейин;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жумуштарынын бүткөрүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 1 -ноябрына чейин;
- кылкандуу дан эгиндеринин күздүк себилишинин аякталышы жөнүндө 2017-жылдын 25-декабрына чейин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
1-тиркеме
2017-жылы айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Максаттар | Коюлган максаттарды аткаруу боюнча иш-чаралар | Индикатор - күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жоопкерчиликтүү аткаруучулар | Каржылоо булактары |
Жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүү жана уюштуруу | ||||||
1 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү себүү материалдары менен камсыздоо боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда 2017-жылы жазгы себүүгө белгиленген колдонулуучу сертификатталган жаздык буудай, жаздык арпа, пахта, люцерна, эспарцет, биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддерин, ошондой эле уруктук картөшкөнү, топтоо: - үрөнчүлүк чарбаларга сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн суперэлита жана элита үрөнүн; - дыйкан жана фермерлерди үрөн менен камсыз кылуу үчүн биринчи жана экинчи репродукциядагы сортторду жана биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддерин | Айыл чарба өсүмдүктөрүн жаздык себүүнүн белгиленген программасын аткаруу үчүн шарттарды түзүү; - үрөнчүлүк чарбаларда жана айыл чарба кооперативдеринде сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу үчүн шарттарды түзүү | 2017-жылдын I кварталында | Үрөнчүлүк чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ФМ | 10 жылдык мөөнөткө техника түрүндө берилген кредиттерди кошпогондо үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайымдык каражат карызын жоюунун эсебинен |
Мамлекеттик үрөн фондусундагы топтолгон үрөндү себүү кондициясына жеткирүү | Үрөндү себүүгө колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзүү | 2017-жылдын I жана II кварталында | Үрөнчүлүк чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | ||
Үрөн алуучулар менен кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү аркылуу мамлекеттик үрөн фондусунда топтолгон кондицияланган үрөндү үрөнчүлүк чарбаларына бөлүштүрүү | Жаңы жогорку түшүмдүү сортторду жана гибриддерди өндүрүүнү өндүрүшкө киргизүү; - фермерлердин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөндү алуусу; - үрөнчүлүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2017-жылдын март, апрель жана май айларында | АЧТММ, ФМ | Үрөнчүлүк чарбаларга жаздык себүүгө үрөн пайызсыз товардык кредиттерди 2018-жылдын 1-мартына чейин төлөө шарты менен берилет. Ошону менен бирге Нарын облусунун бийик тоолуу райондорунун, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору, Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунун, Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагынын, ошондой эле Баткен облусунун Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондорунун бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын болгон зоналарында жайгашкан калктуу пункттардын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык кредиттердин төлөө мөөнөтү - 2018-жылдын 1-декабрына белгиленген | ||
| Республикалык мамлекеттик үрөн фондусунда топтоо тартибинде үрөнчүлүк чарбаларга берилүүчү сертификатталган суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы жаздык буудай, жаздык арпа, пахта, люцерна, эспарцет, биринчи муундагы жүгөрүнүн гибриддеринин, ошондой эле уруктук картөшкөнүн үрөндөрүнө сатуу баасын бекитүү | Пайызсыз товардык кредит алуу тартибинде республикалык үрөн рыногунда түзүлгөн реалдуу баалар менен аларды эгүү үчүн сатып алуучуларга шарт түзүү | 2017-жылдын 1-мартына чейин | Монополияга каршы агенттик |
| |
2 | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникалары менен камсыздоо жана оңдоо иштерин уюштуруу, күйүүчү-майлоочу материалдар, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын чарбалык субъекттерине тракторлорду, эгин жыйноочу комбайндарды жана айыл чарба техникаларынын башка түрлөрүн лизингге берүү боюнча эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу | Машина-трактордук парктарды жаңылоо жана толуктоо | 2017-жылдын ичинде | "Айыл Банк" ААК, (макулдашуу боюнча) АЧТММ, ЖМА | Айыл чарба техникаларын лизингге берүүнүн тийиштүү шарттарына ылайык |
Себүү, жерди кайра иштетүүчү, тазалоочу, транспорттук жана жүк өлчөөчү айыл чарба техникаларын өз убагында жана сапаттуу оңдоо иштерин жүргүзүү | Айыл чарбасында талаа жумуштарын механизациялоо иштеринин деңгээлин көтөрүү | 2017-жылдын март-апрели | ЖМА, АЧТММ, агротехникалык жана техникалык сервистик кызматтар (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражатынын эсебинен | ||
Талаа скважиналарына, насостук станцияларга, кырмандарга, кайра иштетүүчү ишканаларга, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иштеши үчүн электр энергиясын берүүнү үзгүлтүксүз камсыздоо | Талаа скважиналарынын, насостук станциялардын, кырмандардын, кайра иштетүүчү ишканалардын, ошондой эле техникалык жана агротехникалык сервистердин иштеши үчүн үзгүлтүксүз шарттарды түзүү | 2017-жылдын ичинде | ЖМА, АЧТММ, "Түндүкэлектр" ААК (макулдашуу боюнча), "Чыгышэлектр" ААК (макулдашуу боюнча), "Жалал-Абадэлектр" (макулдашуу боюнча), ''Ошэлектр" ААК (макулдашуу боюнча) менен бирдикте | "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалал-Абадэлектр", "Ошэлектр" ААКлары менен түзүлгөн келишимдердин шарты боюнча | ||
2017-жылы айыл чарба талаачылык сезондук иштерин жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн колдонуулары үчүн нефти базаларын жана автомай куюучу станцияларын күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо | Айыл чарбасында сезондук иштерди жүргүзүүдө дыйкан жана фермерлерди өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо | 2017-жылдын ичинде себүү жана жыйноо жумуштарынын башталышына карата | Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен АЧТММ ортосунда биргелешкен макулдашылган меморандумдун шарттарында | Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы тарабынан сунуш кылынган баада күйүүчү-майлоочу материалдардын бардык түрүн республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен сатып алуу | ||
3 | Сугат суусу менен камсыздоо боюнча иш-чараларды аткаруу жана сугат тармактарын, гидротехникалык курулмаларды вегетация мезгилине даярдоо | Мамлекеттик суу чарба тармактарын жана гидротехникалык курулмаларды оңдоп-түзөө | Суу чарба тармактарын, гидротехникалык курулмаларды натыйжалуу эксплуатациялоого шарт түзүү | 2017-жылдын март-май айлары | АЧТММ, ФМ | Каралган бюджеттик каражаттардын жана Финансы министрлиги тарабынан 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына бөлүнгөн сумманын 80% эсебинен |
Чарбалардын ички суу чарба тармактарын жана суу техникалык курулмаларын жергиликтүү калкты тартып, "ашар" методу менен оңдоо-түзөө | Дыйкан жана фермерлерди өз убагында суу менен камсыздоо | 2017-жылдын март-апрель айлары | ЖМА, CПА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | СПАнын бюджетинин эсебинен | ||
Бардык суу тармактарында жана суу чарба объекттеринде сугат суусун максималдуу топтоо боюнча иш-чараларды аткаруу | Вегетациялык сугаттарды жана нымдуулукту топтоону үзгүлтүксүз уюштурууга тийиштүү шарттарды түзүү | 2017-жылдын ичинде | АЧТММ, СПА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | АЧТММ жана СПАнын каражатынын эсебинен | ||
Күздүк кылкандуу дан эгиндерине, көп жылдык чөптөргө, мөмө-жемиштерге ным топтоо сугат иштерин жүргүзүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2017-жылдын февраль-апрель айлары | АЧТММ, СПА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
4 | Көп жылдык бак-дарактарды отургузуу аянттарын кеңейтүү | Жолдун, арыктын, каналдын боюн коргоочу тилкени түзүү үчүн көп жылдык бак-дарактарды - мөмө берүүчү бактын көчөттөрүн, ошондой эле тал-теректерди, кара-жыгачтарды отургузуу боюнча бир айлыкты өткөрүү | Талааларды аба-ырайынын катаал шарттарынан сактоо, курулуш материалдарынын запасын топтоо, мөмө берүүчү бактардын аянттарын кеңейтүү | 2017-жылдын март-апрель айлары | ЖМА, дыйкан жана фермерлер (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) | Жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен |
Жердин бонитети - 21ден 40 баллдан төмөн болгон айдоо жерлерине мөмө-жемиш бактарын отургузуу | Мөмө жана жемиштерди өндүрүүнү көбөйтүүгө шарт түзүү | 2017-жылдын март-апрель айлары | АЧТММ, ЖМА | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
Себилген айыл чарба өсүмдүктөрүн каpoo жана өстүрүлгөн түшүмдү жыйноо | ||||||
1 | Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап алдыңкы технологияларды киргизүү | Фермерлердин жаңы сорттор, агротехнологиялар менен таанышуусу үчүн мамлекеттик сорт сыноочу станцияларда жана участоктордо "Талаа күндөрү" семинарларын өткөрүү | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында дыйкандардын жана фермерлердин түшүмдүүлүгү жогорку заманбап жаңы сорттор жана гибриддер боюнча пикир алмашуусу | 2017-жылдын июнь-август айларында | АЧТММ | АЧТММ каралган бюджеттик каражаттын эсебинен жана донордук уюмдарды тартуу менен |
2 | Мамлекеттик резервди аштык буудайга толтуруу | 2017-жылдын түшүмүнөн 15,0 миң тонна аштык буудайды айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу | Дыйкан жана фермерлерди материалдык колдоо | 2017-жылдын июль-октябрь айлары | ММРФ | ММРФнын каражатынын эсебинен |
15,0 миң тонна аштык буудайды сатып алууга республиканын райондору боюнча квотаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Мамлекеттик резервди балансталган толтуруу | 2017-жылдын 1-июлуна чейин | АЧТММ КРӨ облустардагы өкүлчүлүктөрү жана ЖМА менен бирдикте | - | ||
ММРФ аркылуу сатып алынып жаткан сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, илешкектиги үч категориядан турган: 23% кем эмес, 26% чейин жана 30% жогору болгон аштык буудайды сатып алуу баасын аныктоо | Фермерлердин жогорку сапаттагы данды өндүрүүдөгү чыгымдарын аныктоо | 2017-жылдын 1-июлуна чейин | Монополияга каршы агенттик | - | ||
3 | Кант кызылчасын өндүрүүчүлөргө жана кайра иштетүүчүлөргө жеңилдетилген шарттарды түзүү | Кант кызылчасын жана кумшекерди ички республикалык ташууга жеңилдетилген тарифти коюу | Кант кызылчасын өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн кант кызылчасын ташуудагы чыгымдарын азайтуу | 2017-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин | "Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы" МИсы, ФМ | ЕАЭБ унификацияланган тарифтерди кабыл алгандыгына байланыштуу кант кызылчасын жана кумшекерди ташуудагы тарифтерди төмөндөтүү кошумча каралат |
Кант кызылчасын кабыл алуучу пункттардан кайра иштетүүчү жайларга ташуу үчүн вагондорду бөлүп берүү | Кант кызылчасын сактоого жана аны эртерээк кайра иштетүүгө, ошондой эле фермер-кызылча өстүрүүчүлөргө шекер менен төлөп берүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү | 2017-жылдын сентябрь-декабрь айларында | "Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы" МИсы кант кызылчасын кайра иштетүүчүлөрдүн өтүнмөлөрүнүн негизинде |
| ||
"Кайыңды-Кант" ААК менен түзүлгөн келишимдердин негизинде чийки кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүү мезгилинде айып санкцияларысыз жүктөөгө жана түшүрүүгө пайдаланылуучу вагондордун ишсиз токтоп туруусунун экономикалык жактан негизделген ченемдерин белгилөө | Кант кызылчасын ташууга жана сактоого ыңгайлуу шарттарды түзүү | Чийки кант кызылчасын кабыл алуу жана кайра иштетүү учурунда | "Кыргыз темир жолу Улуттук компаниясы" МИсы |
| ||
2018-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күзгү себүүгө даярдык көрүү жана жүргүзүү | ||||||
1 | 2018-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү сунушталуучу түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана аткарууга кабыл алуу | 2018-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү аянтынын сунушталган түзүмүнүн долбоорун облустар жана райондор боюнча иштеп чыгуу | Күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү жаздык себүүгө салыштырмалуу түшүмдүүлүктү 20-30% жогорулатууга негиз болот | 2017-жылдын 15-августуна чейин АЧТММга берүү менен | КРӨ облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖМА, АЧТММ |
|
2 | Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн күздүк буудай жана күздүк арпа үрөндөрү менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо | 2017-жылдын күздүк себүүсүнө колдонуу үчүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна сертификатталган күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндөрүн топтоо: - үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн суперэлита жана элита сортторун; - дыйкан жана фермерлердин жетишпеген үрөндөрүн толуктоо үчүн биринчи жана экинчи репродукциядагы үрөндөрдү | - кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнүн белгиленген программасын аткаруу үчүн; - республиканын үрөнчүлүк чарбаларында сорт жаңылоого жана сорт алмаштыруу үчүн шарттарды түзүү | 2017-жылдын август-сентябрь айлары | Үрөнчүлүк чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ, ФМ | Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин мамлекеттик зайымдык каражаттарга болгон карызын төлөөнүн эсебинен |
Мамлекеттик үрөн фондунда чогулган үрөндөрдү себүү кондициясына жеткирүү | Себүүгө сертификатталган сортторду колдонууга мүмкүндүк берүү | 2017-жылдын сентябрь-октябрь айлары | Үрөнчүлүк чарбалары (макулдашуу боюнча), айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча), АЧТММ | Үрөнчүлүк чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин каражаттарынын эсебинен | ||
Мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон кондициялык үрөндөрдү үрөн алуучулар менен насыялык келишимдерди жана күрөөлүк макулдашууларды түзүү аркылуу үрөн чарбаларына бөлүштүрүү | - өндүрүшкө түшүмдүүлүгү жогорку жаңы сортторду киргизүү; - фермерлердин сертификатталган үрөндөр менен камсыз болуусу; - үрөндүк жана өндүрүштүк себүүлөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу | 2017-жылдын сентябрь-октябрь айлары | АЧТММ, ФМ товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык жана райондук мамлекеттик комиссия | Үрөнчүлүк чарбалардын үрөндү бөлүштүрүүсү пайызсыз товардык кредитти 2018-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөткө төлөө шарты менен жүргүзүлөт | ||
Күзгү буудай жана арпанын суперэлита, элита, биринчи жана экинчи репродукция сортторундагы үрөндөрдү сатып алуу баасын белгилөө | Үрөнчүлүк чарбалардын жана фермерлердин сертификатталган үрөндөрдү реалдуу рыноктук баада сатып алуусун камсыздоо | 2017-жылдын 1-августуна чейин | Монополияга каршы агенттик |
| ||
3 | Күздүк кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган чараларды ишке ашыруу | Ысык-Көл облусунда 2017-жылы жыйналган түшүмден күздүк буудайдын үрөндөрүнүн фондун түзүү | Күздүк буудайды оптималдуу агротехникалык мөөнөттө себүүнү камсыздоо | 2017-жылдын сентябрь-октябрь айлары | КРӨ Ысык-Көл облусундагы өкулчүлүгү, ЖМА, АЧТММ, Ысык-Көл облусунун үрөнчүлүк чарбалары жана айыл чарба кооперативдери (макулдашуу боюнча) | Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бюджетинин, үрөнчүлүк чарбаларынын жана айыл чарба кооперативдеринин эсебинен |
Сугат жерлерге жалпы себүү аянтынын 70% айдоо алдындагы сугаруу менен күздүк буудай себүү | Күздүк буудайдын түшүмдүүлүгүн жогорулатуучу маанилүү резерв | 2017-жылдын сентябрь-октябрь айлары | КРӨ облустардагы өкүлчүлүктөрү, ЖМА, АЧТММ жана республиканын дыйкан фермерлери (макулдашуу боюнча) | Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен | ||
Кыскартуулардын тизмеси:
АЧТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
КРӨ облустардагы өкүлчүлүктөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү; |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар; |
Монополияга каршы агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги; |
ММРФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду; |
СПА | - | Кыргыз Республикасынын Суу пайдалануучулар ассоциациясы |
2-тиркеме
2017-жылдын түшүмүн алуу үчүн эгиле турган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянттарынын сунушталган түзүмү
(миң га)
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы | Республика боюнча | Облустар боюнча | ||||||
Баткен | Жалал-Абад | Ысык-Көл | Нарын | Ош | Талас | Чүй | ||
Баардык дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү | 609,5 | 39,2 | 64,9 | 88,2 | 24,8 | 94,3 | 64,7 | 233,4 |
а.и. буудай | 257,3 | 12,6 | 18,9 | 57,6 | 9,7 | 48,4 | 7,1 | 103,0 |
Арпа | 184,2 | 10,8 | 6,3 | 29,9 | 14,9 | 16,2 | 1,6 | 104,5 |
Жүгөрү | 101,2 | 10,8 | 34,7 | - | 0,04 | 27,1 | 4,3 | 24,3 |
Чанактуу дан эгиндер | 55,7 | 1,9 | 0,6 | 0,3 | - | - | 51,9 | 1,0 |
Башка дан эгиндер | 11,1 | 3,1 | 4,4 | 0,4 | 0,2 | 2,6 | - | 0,4 |
Кант кызылчасы | 14,3 | - | - | - | - | - | 0,8 | 13,5 |
Пахта | 17,8 | - | 10,1 | - | - | 7,7 | - | - |
Тамеки | 0,35 | 0,3 | - | - | - | 0,05 | - | - |
Май өсүмдүктөрү | 36,0 | 1,4 | 14,1 | - | - | 6,4 | 0,8 | 13,3 |
Картошка | 81,2 | 2,6 | 9,1 | 25,8 | 6,1 | 13,1 | 13,8 | 10,7 |
Жашылча | 50,6 | 3,1 | 11,1 | 2,4 | 0,5 | 9,3 | 3,9 | 20,3 |
Бакча өсүмдүктөрү | 11,15 | 0,2 | 3,9 | - | - | 2,7 | 0,05 | 4,3 |
Тоют өсүмдүктөрү | 382,7 | 17,8 | 38,4 | 63,3 | 79,7 | 43,1 | 21,0 | 119,4 |
3-тиркеме
2017-жылдагы айыл чарбасынын талаачылык сезондук иштерин жүргүзүүдө күйүүчү-майлоочу материалдардын керектелүүчү көлөмү
(тонна)
Облустардын аталышы | Дизел отуну |
| Автобензин | Дизел майы | Автол | |||||||||||
Бардыгы | мунун ичинен | Бардыгы | мунун ичинен | Бардыгы | мунун ичинен | Бардыгы | мунун ичинен | |||||||||
жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | жазгы талаа иштерине | оруп жыйноо иштерине | күзгү талаа иштерине | |||||
Республика боюнча | 98917 | 42171 | 42246 | 14500 | 25588 | 9743 | 9617 | 3749 | 5160 | 2014 | 1969 | 1177 | 1622 | 641 | 646 | 335 |
Баткен | 6840 | 3610 | 2480 | 750 | 1377 | 626 | 510 | 241 | 360 | 197 | 88 | 75 | 163 | 88 | 55 | 20 |
Жалал-Абад | 13620 | 6220 | 5600 | 1800 | 3707 | 1515 | 1680 | 512 | 560 | 180 | 220 | 160 | 229 | 106 | 78 | 45 |
Ысык-Көл | 13000 | 6830 | 5120 | 1050 | 3030 | 2213 | 463 | 354 | 515 | 234 | 156 | 125 | 205 | 107 | 70 | 28 |
Нарын | 6737 | 1911 | 4826 | - | 1647 | 882 | 765 | - | 552 | 296 | 256 | - | 118 | 34 | 84 | - |
Ош | 14380 | 4840 | 6140 | 3400 | 3982 | 1612 | 1520 | 850 | 690 | 185 | 250 | 255 | 213 | 63 | 75 | 75 |
Талас | 10530 | 6330 | 3200 | 1000 | 1774 | 954 | 560 | 260 | 550 | 316 | 159 | 75 | 117 | 63 | 32 | 22 |
Чүй | 33810 | 12430 | 14880 | 6500 | 10071 | 4032 | 4197 | 1842 | 1933 | 606 | 840 | 487 | 577 | 180 | 252 | 145 |