Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-апрели № 105-б
Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-11-апрелинде өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо", "Токтогул шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо", "Майлуу-Суу шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо" жана "Балыкчы шаарын суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоорлорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтык протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Өзгөн шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо", "Токтогул шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо", "Майлуу-Суу шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо" жана "Балыкчы шаарын суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоорлорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын башчысы; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын биринчи орун басары; |
Токтошев Аскарбек Сулейманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги; |
Султанов Арстаналы Камбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салык мыйзамдары боюнча методология башкармалыгынын начальниги; |
Калмырзаев Марат Сагынбекович | - | Токтогул шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Маматов Нурадил Аманбаевич | - | Майлуу-Суу шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов Алмаз Ишенбекович | - | Балыкчы шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Атаджанов Рахман Садикович | - | Өзгөн шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Норозахунов Комилжон Азамович | - | "Өзгөн суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Анарбаев Чыныбек | - | "Токтогул суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Жаркулов Майрамбек Раимкулович | - | "Майлуу-Суу суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Мамбетов Таалайбек Ишенбаевич | - | "Балыкчы суу каналы" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча). |
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |