Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-апрели № 118-б
Кыргыз Республикасынын жана Бахрейн Королдугунун дипломатиялык жана кызматтык паспорттору бар жарандарынын өз ара жүрүү режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Бахрейн Королдугунун Өкмөтү,
жарандарынын жүрүүсүн жөнөкөйлөтүү аркылуу эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүү ниетинде,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттору бар эки Тараптын мамлекеттеринин жарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына кирген күндөн баштап токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде визасыз кирүүгө, чыгууга, анда болууга жана экинчи Тараптын аймагы аркылуу транзит менен жүрүүгө (расмий милдеттерин аткаруу үчүн же болбосо атайын миссиянын чегинде) укуктуу. Болуу мөөнөтүн узартуу эки Тараптын ыйгарым укуктуу органдарында анык улуттук дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспортторун көрсөтүүнүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
2-берене.
Бул Макулдашуу Тараптардын ар биринин дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттору бар дипломатиялык жана консулдук миссияларынын мүчөлөрүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, алар келгенге чейин аккредитациялоо максатында келген мамлекетинин визасын алуудан бошотпойт.
Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар алардын жумуш мөөнөтүнүн ичинде Тараптардын мамлекеттеринин аймагына визасыз кирүүгө, чыгууга, анда болууга жана экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу транзит менен жүрүүгө укуктуу.
3-берене.
Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттору бар эки Тараптын мамлекеттеринин жарандары болуу мөөнөтү/мөөнөттөрү ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык болгон учурда кирүү үчүн бир жолку же көп жолку виза алуулары керек.
4-берене.
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинин жобосу Тараптардын улуттук мыйзамдарына, ошондой эле Тараптардын мамлекеттери катышкан эл аралык келишимдерге ылайык колдонулат.
5-берене.
Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу анык дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун үлгүлөрүн, ошондой эле, аларды пайдалануу тартиби жөнүндө маалыматты ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткарган күндөн баштап отуз (30) күндүн ичинде алмашышат.
Тараптар дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттор боюнча кандайдыр бир өзгөртүүлөр жөнүндө мындай өзгөртүүлөр күчүнө кирген күнгө чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине маалымдашат.
6-берене.
Ар бир Тарап жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашууну толугу менен же жарым-жартылай өзгөртө турган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Тараптардан кабыл алынган бардык өзгөртүүлөр, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Тараптардын ар бири, ушул Макулдашуунун колдонулушун дипломатиялык каналдар аркылуу токсон (90) күндүн ичинде анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону экинчи Тарапка жиберүү менен токтото алат.
7-берене.
Ар бир Тарап улуттук коомдук тартипти, коопсуздукту же саламаттыкты сактоо максатында ушул Макулдашуунун колдонулушуна убактылуу чектөө киргизүүгө же толугу менен же жарым-жартылай токтото турууга укуктуу. Экинчи Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу мындай чектөөлөрдүн же убактылуу токтотуулардын киргизилгендиги тууралуу дароо кабардар болушу керек.
Ушул Макулдашууну убактылуу токтотуу жана мындай чектөөлөрдү киргизүү, ушул Макулдашуунун убактылуу токтотулушуна чейин Тараптардын биринин мамлекетинин аймагына келген 1 жана 2-беренелерде көрсөтүлгөн жарандардын укуктарын козгобошу керек.
8-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
9-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөнүн же ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болуучу бардык кайчы пикирлер жана талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жүргүзүү түрүндө дипломатиялык каналдар боюнча тынчтык жолу менен чечилет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
______________ шаарында 201__-жылдын "__" _____________ эки түп нускада ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Бахрейн Королдугунун Өкмөтү үчүн |