Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-марты № 58-б
2017-жылдын 6-мартында Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасы - Европа бирлигинин кызматташтыгы боюнча кеңештин XV жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын Брюссель шаарына болгон сапарына байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
2017-жылдын 6-мартында Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасы - Европа бирлигинин кызматташтыгы боюнча кеңештин XV жыйынынын ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Абдылдаев Эрлан Бекешович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, делегациянын башчысы; |
Исаев Асеин Кусеинович | - | Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Европа бирлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары. |