Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-октябры № 465-б
Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык уюмдарга жана интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөрдү төлөө менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 148-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2016-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
"2016-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин ТИЗМЕСИ
№ | 2016-жылга мүчөлүк, үлүштүк төгүмдөр төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин аталышы | 2016-жылга республикалык бюджетте каралган (сом) |
1 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги (Бирдиктүү бюджет) | 6000000,00 |
2 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 7903734,48 |
3 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча координациялык комитети | 1300000,00 |
4 | Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму | 21288599,87 |
5 | Бириккен Улуттар Уюму (Туруктуу бюджет) | 2394356,71 |
6 | Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык операциялары, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык трибуналдары | 3372133,24 |
7 | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм | 3236868,00 |
8 | Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венециялык комиссия) | 133278,70 |
9 | Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы | 26917262,00 |
10 | Шанхай кызматташтык уюмунун региондук террорго каршы түзүмү | 29020972,40 |
11 | Экономикалык кызматташтык уюму | 2 043 260,00 |
12 | Эл аралык түрк маданиятынын уюму | 6260688,00 |
13 | Ислам кызматташтык уюму | 12811225,00 |
14 | Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму | 2633400,00 |
15 | Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюму | 9054138,00 |
16 | Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму | 5397906,92 |
17 | Дүйнөлүк соода уюму | 2328475,00 |
18 | Ядролук сыноолорго бардык жагынан тыюу салуу жөнүндө келишим боюнча уюм | 175116,00 |
19 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы | 18278000,00 |
20 | Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясы | 4839949,96 |
21 | Парламенттер аралык союз | 2361969,00 |
22 | Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик союзу | 1860930,50 |
23 | Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик ассамблеясы | 127182,00 |
24 | Кылмыш иликтөө полициясы эл аралык уюму | 14492936,24 |
25 | Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик | 3619278,24 |
26 | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Интернационалист жоокерлердин иштери боюнча комитети | 51910,00 |
27 | БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюму | 2142320,00 |
28 | Евразия экономикалык бирлиги | 156301310,00 |
29 | Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы | 52990667,21 |
30 | Ислам өнүктүрүү банкы | 11231137,48 |
31 | Азия өнүктүрүү банкы | 7437837,37 |
32 | Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы | 30000000,00 |
33 | Миграция боюнча эл аралык уюм | 695775,00 |
34 | Дүйнөлүк метеорология уюму | 1120590,68 |
35 | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму | 176792,00 |
Жыйынтыгы: | 450000000,00 | |
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |