Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-сентябры ПБ № 256
1. Кыргыз Республикасы менен Суринам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Суринам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГИЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы жана Суринам Республикасы,
эки мамлекеттин ортосундагы достукту жана кызматташууну бекемдөөгө жана өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү ниетинде,
Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун принциптерине жана максаттарына, анын ичинде эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, көз карандысыздыкты, эл аралык келишимдерди тийиштүү деңгээлде урматтоо жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө принциптерин жетекчиликке алуу менен,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык бул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды элчилердин деңгээлинде түзүүнү чечишти.
Ушуну ырастоо менен, тийиштүү деңгээлде ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр кыргыз, орус, нидерланд жана англис тилдериндеги эки нускадагы Биргелешкен коммюникеге кол коюшту, анын бардык тексттери бирдей күчкө ээ.
Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын "___" ________________ түзүлдү.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Суринам Республикасы үчүн |
__________________________ |
| ____________________________ |