Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 396-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 16-майы № 165-б
Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйруктун 1-пунктундагы жана тиркемесинин аталышындагы "Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин геологиялык изилдөө" деген сөздөр "Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 110-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук комиссия Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 165-б буйругу менен бекитилген |
Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби, жеңүүчүнү аныктоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
1. Конкурс өткөрүүнүн негизи жана максаттары
1. Мамлекеттик маанидеги объект болуп эсептелген Туюк-Каргаша кокстолуучу таш көмүр кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн ушул шарттарына жана тартибине ылайык (мындан ары - Шарттар) өткөрүлөт.
2. Конкурс Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү боюнча комплекстүү долбоорду (мындан ары - Комплекстүү долбоор) ишке ашырууда, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жана коксхимиялык заводду курууда Кыргыз Республикасы үчүн эң пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында өткөрүлөт.
3. Конкурска төмөнкүлөр коюлат:
1) Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү максатында 20 (жыйырма) жылдык мөөнөткө жер казынасын пайдалануу укугу, конкурстун жеңүүчүсү лицензиянын шарттарын аткарган учурда кийин көмүрдүн запастары түгөнгөнгө чейин узартып, тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкү түйүндөрү менен:
Түйүн № | X | У | Түйүн № | X | У |
1 | 13396851 | 4545445 | 22 | 13403175 | 4538719 |
2 | 13398500 | 4546590 | 23 | 13402188 | 4538520 |
3 | 13399696 | 4547056 | 24 | 13401885 | 4538700 |
4 | 13400948 | 4547924 | 25 | 13401817 | 4539668 |
5 | 13402037 | 4547802 | 26 | 13400668 | 4539200 |
6 | 13401881 | 4546300 | 27 | 13399686 | 4540218 |
7 | 13402437 | 4546433 | 28 | 13400067 | 4541244 |
8 | 13403253 | 4546067 | 29 | 13401070 | 4541124 |
9 | 13403870 | 4545300 | 30 | 13401681 | 4541243 |
10 | 13403515 | 4544902 | 31 | 13403232 | 4541217 |
11 | 13403365 | 4544489 | 32 | 13403337 | 4541180 |
12 | 13404654 | 4543606 | 33 | 13403469 | 4543760 |
13 | 13403527 | 4543436 | 34 | 13403168 | 4543632 |
14 | 13403421 | 4541053 | 35 | 13402486 | 4544344 |
15 | 13403494 | 4540642 | 36 | 13401903 | 4544858 |
16 | 13403537 | 4540216 | 37 | 13402098 | 4545453 |
17 | 13403605 | 4540004 | 38 | 13400989 | 4546002 |
18 | 13403827 | 539995 | 39 | 13400639 | 4545668 |
19 | 13404040 | 4540064 | 40 | 13400716 | 4544876 |
20 | 13404493 | 4539817 | 41 | 13399362 | 4544298 |
21 | 13403930 | 4538606 |
|
|
|
2009-жылдын 10-ноябрындагы № 398 ГКЗ Протоколуна ылайык Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кениндеги запастар С1 категориясы боюнча 35977 миң тоннаны түзөт | |||||
Аянттын өлчөмү - 2243;
2) Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенинин чалгындалбаган аянттарында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында 5 (беш) жылдык мөөнөткө жер казынасын пайдалануу укугу, кийин конкурстун жеңүүчүсү лицензиянын шарттарын аткарган учурда техникалык долбоорго ылайык узартылып, тик бурчтуу координаттар системасындагы төмөнкү түйүндөр менен:
Түйүн № | X | У | Түйүн № | X | У |
1 | 13393517 | 4544797 | 13 | 13406558 | 4540700 |
2 | 13398960 | 4549719 | 14 | 13405585 | 4539355 |
3 | 13399509 | 4548200 | 15 | 13404925 | 4538860 |
4 | 13403535 | 4548090 | 16 | 13404208 | 4538458 |
5 | 13405620 | 4547318 | 17 | 13402187 | 4538369 |
6 | 13406135 | 4547825 | 18 | 13401885 | 4538700 |
7 | 13406230 | 4546859 | 19 | 13401817 | 4539668 |
8 | 13405955 | 4545717 | 20 | 13400668 | 4539200 |
9 | 13406480 | 4544615 | 21 | 13398745 | 4540890 |
10 | 13406515 | 4544219 | 22 | 13398319 | 4541460 |
11 | 13405768 | 4542787 | 23 | 13395130 | 4541775 |
12 | 13406975 | 4541980 | 24 |
|
|
Аянтынын өлчөмү 9340 га түзөт | |||||
Эскертүү: геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө карата бөлүп берилген (чалгындалган жана С1) категориясы боюнча = 35977 миң тонна көмүрдүн эсептелген запастарына ээ болгон) ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүүгө карата аянт чыгарылып салынат.
2. Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кени жөнүндө жалпы маалыматтар
4. Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кени Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан.
Кендин рельефи чыгыш бөлүгүндө анчалык терең эмес сайлар менен бөлүнгөн, адырлуу бийик тоолуу плато менен көрсөтүлгөн. Түндүк-батышында жана батышта плато 1600 метрден баштап 3400 метрге чейинки абсолюттук бийиктиктен түшкөн Каргаша дарыясынын өрөөнү менен бөлүнгөн.
Райондун климаты Фергана кыркасы үчүн кардуу суук кышы жана салыштырмалуу салкын жайы менен мүнөздүү. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1000 мм ашат.
Кендин геологиялык түзүмүнө катышкан бардык тоо тектери тигил же бул деңгээлде суулуу болушат. Кендин палеозой тектеринин суулуу болушу өтө аз деңгээлде.
Бир түрдүү аргилиттердин, алевралиттердин, кум таштардын катмары менен кабатталган Коккиин свитасы өзүнүн түзүлүшү боюнча жогору жаткан туюк свитасына окшош жана негизинен суу өткөзбөөчү катмар болуп саналат, жер астындагы сууларды коккиин свитасына дээрлик таптакыр өткөрбөйт. Каргаша дарыясынын өрөөнүндө тилке өңдөнгөн Коккиин свитасы чыккан жердин үстүңкү бетине булактардын чыгуусу белгиленген эмес. Коккиин свитасы суулуу катмардын жоктугу менен мүнөздөлөт.
Туюк свитасы литологиялык курамынан жана кесилишинде тыгыз аргиллиттер жана алевралиттер болушунан, ошондой эле тоо тектеринин жаракалануусу азыраак болгондугунан улам жогорку Чаар-Таш свитасына карата суу өткөрбөөчү катмар болуп саналат. Чаар-таш конгдомераттарынын күчтүү катмары өнүмдүү свитаны шамалдануу процесстеринен жана ушул свитанын жер астындагы сууларын толтуруучу жаан-чачындын түздөн-түз кирүүсүнөн коргойт.
5. Дээрлик бир объектти түзгөн Туюк жана Каргаша кендери 1908-1918-жылдардан бери белгилүү, 1942-жылдан тартып изилденип баштаган. 1952-жылга чейин изилдөө жердин үстүңкү бетине көмүр катмарларынын чыгуусун бойлой тоону иштетүүлөр - коолор, кыска штольня, жантайыңкы жерлер менен жүргүзүлгөн. 1947-1955-жылдары колонка бургулоонун жардамы менен терең горизонтторду чалгындоо жүргүзүлгөн. Каргаша кенинде жалпы көлөмү 11360 м болгон 19 скважина, Туюк кенинде - жалпы көлөмү 11912 м болгон 25 скважина бургуланган.
6. 1992-жылы кокстолуучу көмүр кенинин запастары мурдагы изилдөөлөрдүн иш жүзүндөгү материалдарына негизделип, толугу менен кайра эсептелген.
Каргаша кенинде бардык жумушчу катмарлар боюнча эсептелген запастар 129193 миң тоннага, анын ичинде 1,0 м ашык кубаттуулуктагы катмарлар боюнча - 51984 миң тоннага жетет.
Туюк кенинде жумушчу катмарлар боюнча запастар 30914 миң тоннаны, анын ичинде 1,0 м ашкан кубаттуулуктагы катмарлар боюнча 12917 миң тоннаны түзөт.
1971-жылы балансты тазалагандан кийин бекитилген запастарга салыштырмалуу, алардын көлөмү Каргаша кени боюнча - дээрлик 24%га төмөндөгөн, Туюк кени боюнча - дээрлик өзгөргөн эмес.
7. "USAKO" ЖЧК тарабынан балансты тазалоо боюнча акыркы отчетто бөлүнгөн ар бир блок боюнча эсептелген запастарды ревизиялоо жана кайра квалификациялоо өткөрүлгөн (Т.С.Солпуев, 1992-ж.).
Жыйынтыгында Каргаша кокстолуучу көмүр кенинде үч жумушчу катмар боюнча 5 блок, Туюк кенинде - 2 блок бөлүнгөн, алардын запастары С1 категориясы боюнча квалификацияланышы мүмкүн.
Блоктордун № | Запастардын категориясы | Запастардын өлчөмү, миң тонна |
Каргаша кокстолуучу көмүр кени | ||
1-3-участок пласт IX | ||
1-С1 | С1 | 6491 |
| Пласт VI |
|
1-С1 | С1 | 4104 |
| Пласт III |
|
1-С1 | С1 | 6100 |
Кен боюнча жыйынтык | 19605 | |
|
|
|
Туюк кокстолуучу көмүр кени | ||
2-4-участок, пласт IV | ||
1-С1 | С1 | 7543 |
1-3-участок, Пласт IV |
| |
2-С1 | С1 | 8829 |
Кен боюнча жыйынтык | 16372 | |
Кендер боюнча бардыгы | 35977 | |
3. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
8. Конкурска катышуу үчүн төмөнкүлөргө жол берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарга;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактарга (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар);
- жеке жактарга - Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга.
9. Ушул Шарттардын 8-пунктунда көрсөтүлгөн жактар конкурска катышуу үчүн төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, таш көмүр кенин иштетүү жана/же кокс-химиялык заводун (мындан ары - КХЗ) куруу жаатында бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү иш тажрыйбасы менен (жер астындагы ыкма менен көмүр кенин иштетүүдөгү иш тажрыйба артыкчылыктуу болуп саналат);
- көмүрдү казуунун заманбап технологияларын колдонуу тажрыйбасы бар (заманбап технологияларды колдонуу көмүр кендерин иштетүүнүн жер астындагы ыкмасында көмүрдү алуунун механизацияланган, бургулап-жардыруу же гидравликалык ыкмаларын болжолдойт);
- Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон өздүк каражаттары жана/же кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгүнүн болуусу,
Аталган жактар өзүнүн ишинде өнөр жай, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана рационалдуу пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарышы керек.
10. Конкурстун катышуучулары ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын кароосуна өздөрүнүн квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана КХЗ куруу максатында жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн керектүү башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кошумча маалыматты жана документтерди берүүгө укуктуу.
4. Комплекстүү долбоорду ишке ашыруунун негизги шарттары
11. Комплекстүү долбоорду ишке ашыруунун негизги шарттары болуп конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган жана Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны (мындан ары - лицензия) алган жактын төмөнкү милдеттенмелерди аткаруусу саналат:
1) конкурска катышууга карата тиешелүү өтүнмөдө көрсөтүлгөн, бирок 2498760000 (эки миллиард төрт жүз токсон сегиз миллион жети жүз алтымыш миң) сомдон кем эмес өлчөмдө Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана КХЗ куруу боюнча жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөө баасы (мындан ары - конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөө баасы);
2) Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (мындан ары - Комитет) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Токой агенттиги) менен техникалык-экономикалык негиздемелерди (мындан ары - ТЭН), анын ичинде курчап турган чөйрөгө тийген таасирин баалоону (мындан ары - КЧТБ), техникалык долбоорду жана Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин программасын лицензияны алган күндөн тартып 18 айга чейин даярдоо жана макулдашуу. Техникалык долбоорду, ТЭНди, анын ичинде Комплекстүү долбоор боюнча КЧТБны Комитет жана Токой агенттиги менен макулдашуу мөөнөтүн бузган учурда, конкурстун жеңүүчүсү макулдашуунун мөөнөтүн бузган ар бир толук айы үчүн республикалык бюджетке 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттүү;
3) Комитет жана Токой агенттиги менен геологиялык чалгындоо иштерине лицензияны берүү датасынан 6 (алты) айдан кеч эмес, Туюк-Каргаша кениндеги геологиялык чалгындоо иштерине карата өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутундулар менен геологиялык чалгындоо иштерине техникалык долбоорду даярдоону жана макулдашууну камсыздоо;
4) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө геологиялык чалгындоо иштерин, анын ичинде пайдалуу кендин чалгындалган запастарын эсептөөнү, ТЭН даярдоону жана аларды Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кен запастары боюнча мамлекеттик комиссиясында (мындан ары - ЗМК) апробациялоону аяктоо;
5) өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана рационалдуу пайдалануу, курулуш жана техникалык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо, ошондой эле "Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
6) КХЗ курууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен ТЭНди, анын ичинде КЧТБны жана КХЗ курулушунун техникалык долбоорун макулдашуу датасынан тартып алты айдан кеч эмес баштоо. Курулушту баштоонун мөөнөтүн бузган учурда конкурстун жеңүүчүсү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган, форс-мажордук жагдайларды кошпогондо, курулуштун мөөнөтүн бузуунун ар бир толук айы үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү айыпты республикалык бюджетке төлөөгө милдеттүү;
7) конкурстун жеңүүчүсү билдирген мөөнөттө КХЗнын пайдаланууга киргизилишин камсыздоо. Курулушту баштоонун мөөнөтүн бузган учурда конкурстун жеңүүчүсү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган, форс-мажордук жагдайларды кошпогондо, КХЗ пайдаланууга киргизүүнүн мөөнөтүн бузуунун ар бир толук айы үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү айыпты республикалык бюджетке төлөөгө милдеттүү;
8) Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин программасына ылайык түз инвестицияларды салууну камсыздоо;
9) Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин программасына Өзгөн районун өнүктүрүү фондуна жергиликтүү коомдоштукту социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө 22700000 (жыйырма эки миллион жети жүз миң) сомдон кем эмес сумманы инвестициялоо боюнча шарттарды киргизүү.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун административдик-аймактык бирдигинин тиешелүү аткаруу органы менен түзүлгөн жана аталган административдик-аймактык бирдиктин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын негизинде иштелип чыккан Макулдашуунун (социалдык пакеттин) техникалык долбоорун түзүүнүн баскычында Комитетке берүү;
10) подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен, өндүрүштүк комплексти куруу убагында жана аны пайдаланууга берүүгө чейин лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынан 30%дан көп эмес чет өлкөлүк адистерди жана 70% ата мекендик адистерди, ал эми өндүрүштүк комплексти ишке киргизгенден кийин - 10%дан көп эмес чет өлкөлүк жана 90% ата мекендик адистерди тартуу;
11) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, аткарылбаган жана көрсөтүлбөгөн, ошондой эле башка өлкөлөргө караганда кымбат турган товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудан тышкары, лицензиаттын ишин камсыздоо үчүн керектүү болгон Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык товарларды (товардык-материалдык баалуулуктарды, айыл чарба продукциясын), иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу. Мында шарттары бирдей болгондо көбүнчө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында өндүрүлгөн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу керек;
12) техникалык долбоордо көрсөтүлгөн мөөнөттө өндүрүштүк комплексти, ошондой эле инфраструктуралык объекггерди куруу жана пайдаланууга тапшыруу;
13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди рекультивациялоо боюнча иштерди өткөрүү.
12. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары, анын ичинде жогоруда баяндалган негизги шарттар конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жогоруда аталган жер казынасын пайдалануунун шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик, жазык жана башка жоопкерчиликке тартуу чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
13. Конкурска катышууга өтүнмөнү берүү менен конкурстун катышуучусу жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган негизги шарттарын тааныйт жана аларды конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашуу менен камтууга макулдугун берет.
5. Конкурска катышуу үчүн төлөмдүн, кепилдик төгүмүнүн, баасынын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
14. Геологиялык маалымат үчүн төлөм:
1) Комитет ар бир арыз ээсине пайдалануучулук деңгээлде каралган тартипте геологиялык маалыматты берет.
Конкурска катышуу үчүн арыз ээлери аталган геологиялык маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген Геологиялык маалыматтык ресурстарды пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык 2417215 (эки миллион төрт жүз он жети миң эки жүз он беш) сом өлчөмүндөгү акыга сатып алууга милдеттүү;
2) геологиялык маалыматтар үчүн акы конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага киргизилет жана документтерди кароонун жыйынтыктарына жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабай, кайра кайтарылбайт;
3) конкурстун жеңүүчүсүн аныктагандан кийин ага наркы 2932338 (эки миллион тогуз жүз отуз эки миң үч жүз отуз сегиз) сом турган толук геологиялык маалыматтар пакети берилет (пайдалануучулук деңгээл үчүн каралган геологиялык маалыматтын наркын эске алуу менен). Бул пакеттин наркы конкурс объектисинин жер казыналарын пайдалануу укугунун акыркы баасына кирет;
4) аталган төлөм Комитеттин атайын эсебине түшөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген Геологиялык маалыматтык ресурстарды пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык пайдаланылат.
Геологиялык маалымат арыз ээсине анын наркын толук төлөгөндөн кийин берилет.
15. Конкурска катышуу үчүн төлөм.
Конкурстун катышуучулары Комитеттин атайын эсебине 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө конкурска катышуу үчүн акы төлөөгө милдеттүү. Катышуу үчүн төлөм конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баасына кошулбайт жана документтерди кароонун жыйынтыктарына жана/же конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабай кайтарып берилбейт жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык республикалык бюджетке которулат.
16. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары кепилдик төгүмүн - объекттин минимумдук наркынын 10%ын төлөөгө милдеттүү, ал 249876000 (эки жүз кырк тогуз миллион сегиз жүз жетимиш алты миң) сомду түзөт.
Ушул Шарттардын 17-пунктунда каралган конкурстун жеңүүчүсү тарабынан конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны төлөгөн учурунда, кепилдик төгүмү конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыга кошуп эсептелет.
Эгерде конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, ушул Шарттардын 17-пунктунун 2-пунктчасында каралган мөөнөттө конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны толук же жарым-жартылай төлөбөсө, кепилдик төгүмү конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
Конкурска катышкан жак жеңбеген учурда кепилдик төгүмү кайра кайтарылат.
17. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугунун баасы.
1) Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугунун баасы 2498760000 (эки миллиард төрт жүз токсон сегиз миллион жети жүз алтымыш миң) сомду түзгөн минимумдук чектен төмөн болбошу керек. Баасы өзүнө бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салыкты) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтардын толук пакети үчүн бааны камтыйт. Жыйынтык суммасы, бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын толук пакети үчүн бааны эсепке албаганда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна баасы бир жолку жана кайра кайтарылбай турган төлөм болуп саналат;
2) конкурстун жеңүүчүсү конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) жумушчу күн аралыгында ал сунуштаган конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны төлөөгө милдеттүү.
18. Төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык маалыматтар үчүн акы, конкурска катышуу үчүн төлөм, кепилдик төгүм, ошондой эле конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баасы тийиштүү багытын көрсөтүү менен Комитеттин алыш-бериш эсебинин төмөнкү реквизиттерине киргизилиши керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь РОК
Банк: "РСК-Банк" ААК Октябрь филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеп: 4402032100002327
Төлөмдүн багыты: [геологиялык маалыматтардын пакети үчүн Комитеттин өздүк эсебине төлөө]/[конкурска катышуу үчүн төлөм Комитеттин өздүк эсебине]/[конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү Комитеттин өздүк эсебине]/[жер казыналарын пайдалануу укугу үчүн акы: Комитеттин өздүк эсебине (конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баасы)].
19. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана акыларды төлөөгө милдеттүү.
6. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берүүчү документтер
20. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта документтер кабыл алынат жана текшерилет. Экинчи этапта уюмдун программалары, сунуштары, экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрү жана ведомстволор аралык конкурстук комиссия аныктаган башка шарттар каралат.
21. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 45 (кырк беш) календардык күндөн кечикпей төмөнкү дарекке: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 208 кабинет. Комитетке эки нускадагы өтүнмөнү колдон колго беришет. Өтүнмөнү почта аркылуу берүүгө жол берилбейт. Документтердин көчүрмөлөрү берилгенде, документтердин түп нускасы көрсөтүлөт. Документтерди ишеним кат боюнча берүүгө жол берилет.
Өтүнмө Комитет аныктаган форма боюнча берилет. Өтүнмө арыз ээси, жер казынасын пайдалануу орду жана түрү жөнүндө маалыматты камтышы керек. Өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
- юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- уюмдун аткаруучу органын дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- эгер адам өзүнүн өкүлү аркылуу аракеттенсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген өкүлдүн ишеним каты;
- кепилдик төгүмүн төлөөнү ырастоочу документ;
- геологиялык маалыматтар пакетин сатып алуу жөнүндө документтер;'
- бюджеттин алдында салык карызынын жоктугу жөнүндө салык кызматынан маалымкат;
- чет өлкөлүк юридикалык жак үчүн - ал өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же башка документ;
- жеке адам үчүн - паспорттун жана жеке ишкер катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
- жеке жак үчүн - паспорттун көчүрмөсү жана анын мамлекеттик же расмий тилге нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн анын котормосу;
- конкурстун катышуучуларынын акыркы ээлери жана/же бенефициарлары болуп саналган адамдарды ачкан маалымат.
Чет өлкөлүк уюм берген уюштуруу жана башка документтер апостилизацияланууга тийиш жана алардын мамлекеттик же расмий тилге нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн котормосу берилиши керек.
22. Конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун биринчи этабынын алкагында катышууга көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмегин камтыган документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттери номерленүүгө тийиш. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтерди чет тилде берген учурда, аларга нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормосу тиркелиши керек.
Ведомстволор аралык конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт.
Документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбейт. Документтерди берүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде конкурстун катышуучулары берген документтерге редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө мүмкүн. Берилген документтер кайтарылбайт жана Комитетте сакталат.
23. Документтер бар конверттерди ведомстволор аралык конкурстук комиссия документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки жумушчу күнү ачат жана протокол менен тариздейт, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана алар берген документтердин беттеринин саны көрсөтүлөт.
Ведомстволор аралык конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин берилген документтерди 5 (беш) жумуш күндүн аралыгында карайт жана конкурстун катышуучуларын экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат. Конкурстун катышуучулары, эгерде алар берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкеш келсе, экинчи этапка катышууга өткөрүлөт.
Берилген документтердин тизмегине, түрүнө жана формасына карата талаптарга байланыштуу суроолор жаралган учурда ведомстволор аралык конкурстук комиссия протокол формасында басып чыгарылуучу кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
24. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими тийиштүү түшүндүрмөлөрү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайттарында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана жыйынга катышкан ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Экинчи этапка катышууга өткөрүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өтүнмөнүн мазмуну өткөрүлүп жаткан конкурстун шарттарына шайкеш келбейт (жер казынасынын башка объекти, конкурсту өткөрүүнүн башка датасы көрсөтүлгөн);
2) арыз ээси тарабынан документтердин тизмеси толук берилген эмес же берилген документтер ушул Шарттарда белгиленген талаптарга шайкеш келбейт.
Конкурстун экинчи этабына катышууга өткөрүлгөн жана өткөрүлбөгөн арыз ээлерине кабыл алынган чечимдер жөнүндө ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын катчысы 3 (үч) жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
25. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка катышууга өткөрүлгөн конкурстун катышуучулары ведомстволор аралык конкурстук комиссия белгилеген мөөнөттө төмөнкү дарек боюнча: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2, № 208 кабинет. Комитетке мөөр басылган конвертте төмөнкү документтерди берет:
- капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар жана рентабелдүүлүк боюнча бекитилген техникалык-экономикалык эсептер менен Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин программасын;
- Комплекстүү долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык мүмкүнчүлүгүнүн ырастамасын;
- кеңди иштетүү жаатындагы жана/же КХЗ куруудагы бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасын ырастаган документти;
- Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны алгандан кийин КХЗ пайдаланууга киргизүүнүн мөөнөтү жөнүндө сунушту;
- конкурс объектисинде көмүрдү казуунун заманбап технологияларын колдонуу жөнүндө сунушту;
- өнөр жай, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана пайдаланууну, кендерди сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча чаралар комплексин колдонуу жөнүндө сунушту;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө сунушту;
- тартылган ата мекендик адистердин жана иштеп жаткан жумушчулардын жалпы санына карата катышы жөнүндө сунушту (конкурска чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар катышканда);
- социалдык пакет боюнча сунушту;
- ушул Шарттардын 17-пунктунун 1-пунктчасында аныкталган белгиленген минимумдук чектен кем эмес конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа сунуштоону.
26. Конкурстун экинчи этабына өткөн катышуучу конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында документтерди берүү жөнүндө көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүүгө тийиш, конвертте камтылган бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтер чет тилде берилген учурда аларга карата мамлекеттик же расмий тилге нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн котормо тиркелиши керек. Документтерди берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилбейт.
Документтерди берүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде конкурстун катышуучулары берген документтерге редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө мүмкүн. Берилген документтер кайтарылбайт жана Комитетте сакталат.
27. Документтер салынган конверттерди ведомстволор аралык конкурстук комиссия документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки жумуш күнү ачат жана протокол менен тариздейт, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана дареги, алар берген документтердин беттеринин саны жана конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт.
28. Конверттерди ачуу жөнүндө ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
7. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун критерийлери
29. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана ушул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечимди чыгарат. Конкурстун катышуучулары берген документтерди кароодо ведомстволор аралык конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
30. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматты баалоо аркылуу аныкталат. Документтерди баалоону конкурстук комиссия балл системасы менен төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзөт:
№ | Критерийдин аталышы | Балл |
1 | Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин өздөштүрүү боюнча, анын ичинде көмүр казуучу ишкананы пайдаланууга киргизүү жана КХЗ куруу боюнча сунушталган программалардын саны, анын ичинде ушул Шарттардын 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга алардын шайкештиги | 5 балл |
2 | Туюк-Каргаша кениндеги геологиялык чалгындоо иштеринин сунушталган программасынын сапаты, анын ичинде ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештиги | 3 балл |
3 | КХЗда заманбап технологияларды пайдалануу боюнча сунуштар: - негизги жабдууда; - көмөкчү технологиялык системалардын схемаларында | 5 балл |
4 | Экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча сунуштар | 5 балл |
5 | Комплекстүү долбоордун финансылык натыйжалуулугу: - инвестицияларды тартуунун баасы (пайыздык ставка жана жабуу мөөнөттөрү); - каржылоо булактары; - Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү жана КХЗ куруу боюнча финансылык-экономикалык моделдердин варианттары | 7 балл |
6 | Жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялар программасын, иш жүргүзгөн региондо жашаган калк үчүн жумуш орундарын уюштурууну, КХЗ курууда жана кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максимум пайдаланууну, калкты КХЗ курууга жана кенди өздөштүрүүгө байланыштуу иштерди өткөрүүгө тартуу максатында калктын кесиптик даярдоосун уюштурууну. Ош облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү камтуучу берилген социалдык пакеттин сапаты | 10 балл |
7 | Конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугунун минимумдук баасынан ашыруу | Конкурстун объектисин пайдалануу укугу үчүн минимумдук баасынан ашкан ар бир кийинки 69410000 (алтымыш тогуз миллион төрт жүз он миң) сом үчүн 1 балл |
8 | КХЗ, ошондой эле башка инфраструктуралык объекттерди куруунун жана пайдаланууга киргизүүнүн мөөнөтү (мөөнөттөрү боюнча) | 18 ай - 10 балл; 3 жыл - 5 балл; 5 жыл - 1 балл |
9 | Бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө сунуш | 5 балл |
10 | Юридикалык жактын - келечектеги лицензиаттын уставдык капиталында катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берүү | ар 1 пайыз үчүн - 1 балл |
Эскертүү: конкурска 100% мамлекеттик менчиктеги юридикалык жак катышкан учурда, 8-критерий боюнча балл чет өлкөлүк инвестор менен биргелешкен иши жөнүндө макулдашууга ылайык аныкталат.
31. Ар бир катышуучу үчүн ведомстволор аралык конкурстук комиссия тарабынан ар бир критерий боюнча катышуучу алган баллды жана катышуучунун жалпы баллын көрсөтүү менен баллды эсептөө протоколу түзүлөт.
32. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын чечими ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, добуш берүү ачык өтөт. Добуштар тең чыккан учурда ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Мында ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда өткөрүлгөн конкурстук жыйынтыктары жөнүндө өзгөчө пикирин протоколго тиркей алышат.
33. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын чечими протокол түрүндө таризделет, ага ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат, конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын жыйынында жарыяланат. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
34. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын протоколдору, эгерде аларга жыйынга катышкан ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлса, анык болуп эсептелет.
35. Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын протоколу конкурстун жеңүүчүсүнө Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат. Лицензияга карата лицензиялык макулдашуу конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген шарттарды камтышы керек.
36. Конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензия конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенинин жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган туунду компаниясына берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак түзгөн туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакты конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялаган күндөн тартып бир айдан кеч эмес катталууга тийиш. Туунду компания, юридикалык жакка - лицензиатка катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берүү учурларын кошпогондо, 100% чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө таандык болушу керек.
37. Лицензия конкурстун жеңүүчүсүнө ал конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунуштаган бааны төлөгөндөн кийин 5 (беш) жумуш күндүн аралыгында берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензия 5 (беш) жумуш күндүн аралыгында төмөнкүлөрдөн кийин берилет:
1) конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунуштаган бааны төлөгөндө;
2) аталган датанын кайсынысы кечирээк болгонуна жараша, чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясын каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын же нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн бергенде.
38. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан, же конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал билдирген бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда, конкурстун жеңүүчүсү лицензия алууга укугун жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү катары баш тарткан жеңүүчүдөн кийин башка катышуучуларга салыштырмалуу көп балл топтогон же, эгерде конкурстук комиссия башкача чечим кабыл албаса, кошумча добуш берүүдө көп добуш алган катышуучу таанылат.
8. Конкурсту токтотуу жана өтпөй калган, анык эмес деп таануу
39. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечимин чыгарууга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча форс-мажордук жагдайлар болгон учурда гана конкурс токтотулушу мүмкүн. Конкурс өткөрүүнү токтоткон учурда конкурска катышуучунун 249876000 (эки жүз кырк тогуз миллион сегиз жүз жетимиш алты миң) сом өлчөмүндөгү кепилдик төгүмү, ошондой эле конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү төлөмү кайтарылып берилиши керек.
40. Конкурска катышууга өтүнмөлөр болбогондо же эгерде конкурска катышуу үчүн бир катышуучудан гана өтүнмө келип түшсө, же эгерде конкурстун бардык катышуучулары берген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурс. ведомстволор аралык конкурстун комиссиясынын чечиминин негизинде өткөрүлбөй калган болуп таанылат, ал протокол менен таризделет жана расмий басма органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Комитеттин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
41. Конкурс, эгерде ал ушул Шарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген конкурс өткөрүүнүн эрежелерин бузуу менен өткөрүлсө, кызыкдар тараптардын доосу боюнча конкурстун жыйынтыктары сот тарабынан жокко чыгарылып, анык эмес деп таанылат. Конкурсту анык эмес деп тааныган учурда, конкурстун жеңүүчүсү сунуштаган жана төлөгөн конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна акысы кайтарылып берилет.
42. Конкурстун катышуучусу ведомстволор аралык конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурска катышуу үчүн өзүнүн өтүнмөсүн чакырып алууга укуктуу. Мында 2417215 (эки миллион төрт жүз он жети миң эки жүз он беш) сом өлчөмүндөгү геологиялык маалымат үчүн төлөм, конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү каражатты төлөгөнү жана 249876000 (эки жүз кырк тогуз миллион сегиз жүз жетимиш алты миң) сом өлчөмүндөгү конкурстун катышуучусунун кепилдик төгүмү кайра кайтарылбайт.
Маалымат менен Комитеттин расмий веб-сайтынан: www.geology.kg жана (+996 312) 30-04-79 телефон номери аркылуу таанышууга болот.