Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 396-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 18-марты № 110-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б, 2017-жылдын 16-майындагы № 165-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 24-беренесине ылайык:
1. Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 165-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ведомстволор аралык конкурстук комиссия эки айлык мөөнөттө конкурсту өткөрүү шарттарын жана тартибин, ошондой эле жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т. Сариев |
Тиркеме
Туюк-Каргаша кокстолуучу көмүр кенин иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-октябрындагы № 444-б, 2017-жылдын 16-майындагы № 165-б, 2017-жылдын 18-июлундагы № 293-б, 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 525-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Рыскулов У.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасы; |
Сапаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Алимбеков Н.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Пирматов И.А. | - | "Бир Бол" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Нышанов С.К. | - | "Ата-Мекен" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Зулушев К.Т. | - | "Республика - Ата Журт" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мадеминов М.Г. | - | КСДП фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Жутанов А.Т. | - | "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Азимов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Кокочаров У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Рыспеков А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Маматов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; |
Сарыбашов Т.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Осмоналиев О.Б. | - | Ош облусундагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Инашев Э.С. | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы; |
Гильфанов И.В. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
Жусубалиев А.И. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары; |
Шайбеков И.Д. | - | Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дюшеев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жер казынасын коргоо жана тоо-кен өнөр жайы башкармалыгынын начальниги. |