Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-майы № 133-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 127-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Музейди долбоорлоо жана капиталдык оңдоо үчүн башкы подрядчы уюмду аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн.";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген сметага ылайык акча каражатын издеп тапсын;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;
- тиешелүү оңдоолор кабыл алынганга чейин ушул буйруктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерин өзгөртүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашсын.".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |