Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 15-марты № 77-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып,
Мамлекеттик чек аралардын аймактык кол тийбестиги жана бузулгустугу жөнүндө эл аралык укуктун принциптерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 24-декабрындагы түбөлүк достук жөнүндө келишимге негизделип,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара режимин (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) камсыздоо боюнча коңшулук ынтымактуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты колдоого умтулуп,
көз карандысыз эки мамлекеттин ажыратылгыс укуктарын таануу менен өздөрүнүн мамлекеттик чек араларын кайтаруу боюнча чара көрүп,
Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн чек ара жаңжалдарын жана чыр-чатактарынын алдын алууга, ал эми алар пайда болгон учурда - аларды тез арада териштирүүнү жана жөнгө салууну камсыздоого катышуу зарылдыгын белгилеп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Ушул Макулдашуу Тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн Мамлекеттик чек арадагы чек ара жаңжалдарын жана чыр-чатактарын жөнгө салуу менен байланышкан маселелерди чечүү боюнча ишин регламенттейт.
2. Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү жана чек ара өкүлдөрүнүн орун басарлары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык дайындалат. Тараптар чек ара өкүлдөрү жана чек ара өкүлдөрүнүн орун басарлары дайындалгандыгы жөнүндө алардын фамилиясын, аты-жөнүн, аскер наамын, аракеттенүү участокторун жана турган жерин көрсөтүү менен дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлашат.
Чек ара өкүлдөрүнүн милдеттерин аткарууда алардын орун басарлары чек ара өкүлдөрүнө берилген укуктарды пайдаланышат.
2-берене.
Чек ара өкүлдөрү милдеттенмелерин бири-бири менен кызматташууда, өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Макулдашуу менен аныкталуучу ыйгарым укуктарга ылайык кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара участокторунун чегинде аткарышат.
Чек ара өкүлдөрүнүн иш участоктору өзгөргөн учурда Тараптар бири-бирине бул тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлашат.
Жазуу жүзүндө ыйгарым укуктар төмөнкүчө берилет (1-тиркеме):
Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнө жана алардын орун басарларына - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы тарабынан;
Өзбекстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнө жана алардын орун басарларына - Өзбекстан Республикасынын УККнын Чек ара аскерлигинин кол башчысы - Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары тарабынан.
3-берене.
Чек ара өкүлдөрүнүн ишин камсыздоо үчүн жардамчылар, катчылар, котормочулар, кызматтык кат-кабарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча ыйгарым укуктуулар дайындалат, ошондой эле эксперттер жана башка адамдар тартылат.
Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчылары чек ара өкүлдөрү тарабынан аныкталуучу милдеттерди аткарат.
Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын жазуу жүзүндөгү ыйгарым укуктары, катчылары менен котормочуларынын күбөлүктөрү, чек ара аркылуу эки тарапка (2-4-тиркеме) бир ирет өтүү үчүн берилген күбөлүктөр чек ара өкүлдөрү тарабынан берилет.
4-берене.
Чек ара өкүлдөрү өз иштеринин участокторунун чегинде:
чек ара жаңжалдарын жана чыр-чатактарын алдын алуу жана алар пайда болгон учурда аларды жөнгө салуу боюнча керектүү чараларды көрүшөт;
Тараптардын улуттук мыйзамдарында белгиленген Мамлекеттик чек арадан өтүү эрежелеринин сакталышын контролдойт жана белгиленген тартипти бузуу менен чек арадан өтүүгө бөгөт коюу боюнча чара көрүшөт;
компетенттүү мамлекеттик органдар менен биргеликте аткезчилик менен күрөшүү боюнча тиешелүү чараларды көрүшөт;
компетенттүү мамлекеттик органдар менен биргеликте мыйзамсыз мигранттарды, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн келгендерди, эгерде алардын башка Тараптын мамлекетинин аймагынан киргендиги тууралуу далилдер болгон учурда, депортациялоо (өткөрүп берүү) боюнча тиешелүү чараларды көрүшөт;
зарылдыгы боюнча адамдардын сөөгүн таанууга катышышат жана аларды өз ара өткөрүп берүү боюнча чараларды көрүшөт;
мамлекеттик башкаруунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте Мамлекеттик чек арада чарба иштерин жана башка аракеттерди жүргүзүүгө, ошондой эле чек арадагы көлмөлөрдөгү сууну пайдаланууга, аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоого контролдук жүргүзүүнү камсыздашат;
Мамлекеттик чек ара аркылуу өрттүн, эпидемиянын, эпизоотиянын жана айыл чарба зыянкечтеринин таркоо коркунучу жөнүндө бири-бирине өз убагында кабарлашат;
ушул Макулдашуунун жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында берилген ыйгарым укуктардын чегинде Мамлекеттик чек ара режимин камсыздоого байланыштуу башка маселелерди чечишет.
5-берене.
1. Чек ара өкүлдөрү биргелешкен иштерди адатынча жыйын (жолугушуу) өткөрүү жолу менен жүргүзүшөт. Чек ара өкүлдөрүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча алардын орун басарларынын жана жардамчыларынын жолугушуулары өткөрүлүшү мүмкүн.
2. Чек ара өкүлдөрүнүн жыйыны (жолугушуусу) алардын биринин сунушу боюнча өткөрүлөт. Сунуш жыйындын (жолугушуунун) күн тартибин, катышуучулардын курамын, өткөрүү убакытын жана жайын камтууга тийиш.
Айрым учурларда чек ара өкүлдөрүнүн өз ара келишими боюнча жыйында (жолугушууда) талкууга мурдатан сунушталбаган маселелер каралышы ыктымал.
Жыйын (жолугушуу) өткөрүү тууралуу сунушка чек ара өкүлү тарабынан жооп мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө берилүүгө тийиш.
Ошону менен бирге талкуу үчүн кошумча маселелер, ошондой эле жыйынды (жолугушууну) өткөрүүнүн башка убактысы жана жайы сунушталуусу мүмкүн.
3. Чек ара өкүлү тарабынан сунушталган жыйынга (жолугушууга) Тараптардын мамлекеттеринин чек ара өкүлдөрү өздөрү келүүгө тийиш. Бул мүмкүн болбогон учурда жыйынга (жолугушууга) чек ара өкүлүнүн орун басары келет, бул тууралуу жыйын (жолугушуунун) башталганга чейин жыйынды (жолугушууну) сунуштаган чек ара өкүлү кабарланат.
4. Чек ара өкүлдөрүнүн жыйынында (жолугушуусуна) алардын орун басарлары, жардамчылары, катчылары, котормочулары жана катышуусу зарыл болгон адамдар (эксперттер, күбөлөр, жабырлануучулар жана башка жактар) катышуусу мүмкүн.
Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын жолугушуусуна катчылар жана котормочулар, ал эми зарыл учурда эксперттер жана башка адамдар катыша алат.
5. Жекече жолугушууну талап кылбаган маселелер кат аркылуу же техникалык байланыш каражаттарын пайдалануу жолу менен чечилиши мүмкүн.
6. Чек ара өкүлдөрү макулдашылган мөөнөттө жыйында (жолугушууда) кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча чаралар жөнүндө бири-бирине кабарлашат.
6-берене.
Чек ара өкүлдөрүнүн жана алардын орун басарларынын пландуу жыйындары (жолугушуулары) адатынча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын аймактарында кезек-кезеги менен өткөрүлөт, пландан тышкаркылары - жыйынды сунуштаган чек ара өкүлүнүн мамлекетинин аймагында.
Чек ара өкүлдөрүнүн тапшырмасы боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын жолугушуулары өткөрүлөт. Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчылары кабыл алган чечимдер чек ара өкүлдөрү тарабынан бекитилгенден кийин гана күчүнө кирет. Чек ара өкүлдөрүнүн жардамчылары бир чечимге келе албаган маселелер чек ара өкүлдөрүнүн кароосуна берилет.
7-берене.
Чек ара өкүлдөрүнүн жыйынынын (жолугушуусунун) жыйынтыгында протокол түзүлүп, анда жыйындын (жолугушуунун) күн тартиби, катышуучулардын курамы, жыйындын (жолугушуунун) жалпы жүрүшү, кабыл алынган чечимдер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт.
Жыйындын (жолугушуунун) протоколу эки нускада, ар бири орус тилинде түзүлүп, чек ара өкүлдөрүнүн же алардын алмаштыруучу адамдардын кол тамгалары менен бекитилет.
8-берене.
1. Чек ара өкүлдөрү өз ара макулдашуу боюнча Мамлекеттик чек арада жолугушуу пункттарын, ошондой эле кызматтык кат-кабарларды алмашуу жана техникалык байланыш каражаттарын пайдалануу тартибин жана пункттарын бекитишет. Кызматтык кат-кабарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча ыйгарым укуктуулар кызматтык кат-кабарларды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү Мамлекеттик чек арада күнү-түнү жүргүзүшөт.
2. Чек ара өкүлдөрү кармалган адамдарды, ошондой эле үй жаныбарларын, мүлктү жана маркумдардын сөөгүн өткөрүп берүүнү Тараптардын ар бир мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык уюштурушат. Бул жол-жоболорду өткөрүү жайы, убактысы жана тартиби чек ара өкүлдөрү тарабынан өзүнчө аныкталат.
3. Чек ара өкүлдөрү тарабынан өз ара макулдашуу боюнча актылардын, тил каттардын жана башка документтердин үлгүлөрүн белгилешет, ошондой эле алар кармалган адамдарды, үй жаныбарларын, мүлктү, маркумдун сөөгүн, кызматтык кат-кабарларды кабыл алуу-өткөрүп берүүдө, ошондой эле ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык башка аракеттерди ишке ашырууда таризделет.
Кармалган адамдарды, үй жаныбарларын, мүлктү жана маркумдардын сөөгүн өткөрүп берүү чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары же жардамчылары тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн.
9-берене.
1. Чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары, жардамчылары, катчылары, котормочулар жана эксперттер ушул Макулдашууга ылайык милдеттенмелерин аткаруу үчүн Мамлекеттик чек араны бул үчүн белгиленген пункттардан же макулдашылган жерлерден өтүшөт.
2. Чек ара өкүлдөрү, алардын орун басарлары жана жардамчылары Мамлекеттик чек арадан жазуу жүзүндөгү ыйгарым укуктардын негизинде өтүшөт (1 жана 2-тиркеме).
3. Катчылар жана котормочулар Мамлекеттик чек арадан күбөлүктөрдүн негизинде өтүшөт (3-тиркеме).
4. Эксперттер жана биргелешип иштөөгө тартылуучу башка адамдар Мамлекеттик чек арадан эки тарапка бир ирет өтүү үчүн берилген күбөлүктөрдүн негизинде өтүшөт (4-тиркеме).
5. Чек ара өкүлдөрүнүн, алардын орун басарларынын, жардамчыларынын ыйгарым укуктарын, катчылардын жана котормочулардын күбөлүктөрүн тастыктоо чек ара өкүлдөрү тарабынан жыйында (жолугушууда) жүргүзүлөт.
10-берене.
1. Чек ара өкүлдөрүнө, алардын орун басарларына, жардамчыларына, катчыларына, котормочуларга жана эксперттерге ушул Макулдашууга ылайык экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында милдеттенмелерин аткарууда жеке кол тийбестик, ошондой эле аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон алардын жанындагы документтерге жана мүлккө кол тийбестик кепилдиги берилет.
Аталган кызматтык адамдар белгиленген формадагы кийим кийип, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына жеке колдонуу жана иштөө үчүн зарыл болгон буюмдарды алып кире алышат.
2. Ар бир Тарап өзүнүн мамлекетинин аймагында ушул Макулдашууну аткарууга байланышкан чыгымдарды өзү тартат, ошону менен бирге жыйындарды (жолугушууларды) өткөрүү боюнча чыгымдарды алар өткөрүлүп жаткан мамлекеттин аймагындагы Тарап көтөрөт.
11-берене.
Чек ара өкүлдөрү төмөнкүлөр боюнча маалымат алмашат:
Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактылары жөнүндө;
чек ара аркылуу адамдарды жана аткезчиликти мыйзамсыз өткөргөн адамдардын иштери жөнүндө;
Мамлекеттик чек ара жанында адамдардын же жаныбарлардын коркунучтуу жугуштуу ооруларынын пайда болушу, ошондой эле айыл-чарба зыянкечтеринин массалык таркалышы, өрт, суу каптоолору, сел жана жер көчкүлөрү жөнүндө;
ар бир Тараптын мамлекетинин коопсуздугуна жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн болгон аракеттер, ошондой эле чек ара жаңжалдарын жана чыр-чатактардын алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө;
Мамлекеттик чек ара режимин камсыздоого таасир этүүчү башка маселелер жөнүндө.
12-берене.
Чек ара өкүлдөрү чек ара жаңжалдарын жана чыр-чатактарын алдын алуу боюнча кызматташат, чек ара жаңжалдарын жана чыр-чатактарын териштирет жана жөнгө салат, анын ичинде:
Мамлекеттик чек ара аркылуу экинчи Тараптын мамлекетинин адамдарын жана аймагын аткылоону, анын ичинде адамдардын өлүмүнө жана жаракат алуусуна, мүлкүнүн бузулуусуна жана башка оор кесепеттерге алып келген учурларды;
адамдардын жана транспорт каражаттарынын Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүсүн;
Мамлекеттик чек аранын сүзүү каражаттары жана учуучу аппараттар менен бузулуусун;
Мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчиликти алып өтүүнү;
Тараптардын чек ара кызматтарынын кызматтык адамдары кызматтык милдеттерин аткарууда Мамлекеттик чек арадан атайын эмес өтүүсүн;
жаратылыш кырсыгынан же башка жагдайлардын айынан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына өткөн мүлктүн табылышын;
чек ара белгилерин жана башка чек ара курулмаларын өзү билемдик менен же кокусунан жылдырууну, зыян келтирүүнү же бузууну;
Мамлекеттик чек ара аркылуу үй жаныбарларынын өтүүсүн жана (же) алардын мыйзамсыз өткөрүлүүсүн;
Мамлекеттик чек ара аркылуу өрттүн таркалышы;
Тараптардын мамлекеттеринин кызыкчылыктарын козгогон Мамлекеттик чек ара режиминин башка бузууларын.
13-берене.
1. Ушул Макулдашуунун 12-беренесинде көрсөтүлгөн чек ара жаңжалдарынын жана чыр-чатактардын жагдайларын териштирүү чек ара өкүлдөрү тарабынан макулдашылган тартипте жүргүзүлөт. Чек ара жаңжалдарын жана чыр-чатактарын биргеликте териштирүү мамлекет аймагында чек ара жаңжалы болгон Тараптын чек ара өкүлүнүн жетекчилиги астында жүргүзүлөт.
2. Чек ара жаңжалын биргеликте териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, ал эми зарыл учурда - жыйындын (жолугушуунун) протоколуна тиркеме катары тиркелүүчү башка документтер.
3. Биргеликте чек ара жаңжалын териштирүү укук коргоо органдарынын компетенциясына кирген аракеттерди алмаштырбайт.
4. Жөнгө салууда чек ара өкүлдөрү келишимге келе албаган чек ара жаңжалдары жана чыр-чатактар дипломатиялык каналдар аркылуу чечилет.
14-берене.
1-4-тиркемелер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүктөрү болуп эсептелет.
15-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу боюнча талаш пайда болгон учурда Тараптар аларды сүйлөшүү жана кеңешүү жолу менен чечишет.
16-берене.
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы катышуучу болгон эл аралык башка келишимдерден келип чыккан укуктар менен милдеттерди козгобойт.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажыратылгыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 17-беренесине ылайык күчүнө кирет.
17-берене.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Тараптар тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка кезектеги беш жылдык мезгилдин бүтүүсүнө чейин алты айдан кечиктирбей анын аракетин токтотуу жөнүндө өз каалоосун жазуу жүзүндө билдирбесе, бул Макулдашуунун аракети автоматтык түрдө кийинки беш жылдык мезгилге узартылат.
________________ шаарында 201__-жылдын __-____________ эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, муну менен бирге тексттердин бардыгы бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилинде жазылган текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
________________________________ |
| __________________________________ |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун 1-тиркемеси |
Чек ара өкүлүнүн жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары
Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы
1-бет - Ыйгарым укугу
2-бет -
3-бет - ээсинин фотокарточкасы, мөөрү, кол тамгасы
4-бет - 20__-жылдын ___ ____________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун негизинде
_____________________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
_____________________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
| _______________________________________________ (участоктун аталышы) |
кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын участогу боюнча чек ара өкүлү (чек ара өкүлүнүн орун басары) болуп дайындалды.
_____________________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
жогоруда аталган Макулдашууда каралган милдеттерди аткаруу үчүн ыйгарым укуктар берилет жана ушуга байланыштуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүгө жана __________________________ (мамлекеттин аталышы) чек ара тилкесинде болууга укуктуу.
_____________________________________________________________________________________________
(кол коюуга укуктуу жактын ээлеген кызматы)
_____________________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
Мөөрдүн орду
20__-жылдын ___-_________________
5-бет - 4-беттеги текст ________________ тилинде
6-бет - чектеш мамлекеттин чек ара өкүлүнүн визасы үчүн орун
7-бет -
8-бет -
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун 2-тиркемеси |
Чек ара өкүлүнүн жардамчысынын ыйгарым укугу
Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы
1-бет - Ыйгарым укугу
2-бет -
3-бет - ээсинин фотокарточкасы, мөөрү, кол тамгасы
4-бет - 20__-жылдын __ ______________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун негизинде
_____________________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
__________________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
| __________________________________________ (участоктун аталышы) |
кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын участогу боюнча чек ара өкүлүнүн жардамчысы болуп дайындалды.
_____________________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
жогоруда аталган Макулдашууда каралган милдеттерди аткаруу үчүн ыйгарым укуктар берилет жана ушуга байланыштуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүгө жана _______________________ (мамлекеттин аталышы) чек ара тилкесинде болууга укуктуу.
Чек ара өкүлү
______________________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
|
|
______________________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
|
|
Мөөрдүн орду
20__-жылдын ___-______________
5-бет - 4-беттеги текст ____________________ тилинде
6-бет - чектеш мамлекеттин чек ара өкүлүнүн визасы үчүн орун
7-бет -
8-бет -
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун 3-тиркемеси |
Катчынын жана котормочунун күбөлүгү
Мукабасы - Мамлекеттик герб жана мамлекеттин аталышы
1-бет - Ыйгарым укугу
2-бет -
3-бет - ээсинин фотокарточкасы, мөөрү, кол тамгасы
4-бет - 20__-жылдын ___ _____________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун негизинде
_____________________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
__________________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
| __________________________________________ (участоктун аталышы) |
кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын участогу боюнча чек ара өкүлүнүн __________________ (кызматы) болуп дайындалды жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүгө жана ____________________ (мамлекеттин аталышы) чек ара тилкесинде болууга укуктуу.
Чек ара өкүлү
______________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
|
|
______________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү) |
|
|
Мөөрдүн орду
20__-жылдын ___-_______________
5-бет - 4-беттеги текст _________________ тилинде
6-бет - чектеш мамлекеттин чек ара өкүлүнүн визасы үчүн орун
7-бет -
8-бет -
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун 4-тиркемеси |
Чек арадан эки тарапка бир ирет өтүү күбөлүгү
1-бет - кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан бир ирет өтүү күбөлүгү
2-бет - 20__-жылдын __ ______________ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши жөнүндө макулдашуунун негизинде
_____________________________________________________________________________________________
(аскердик наамы, аты-жөнү)
_________________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
| _________________________________________ (участоктун аталышы) |
тилкесинен эки тарапка өтүүгө жана ___________________________ (мамлекеттин аталышы) чек ара тилкесинде болууга укуктуу.
Ким экендигин ырастаган документти көрсөтүүдө анык.
20__-ж. ___-__________нан 20__-ж. ___-__________на чейин күчүндө.
Чек ара өкүлү
______________________________________ (мамлекеттин аталышы) |
|
|
______________________________________ (аскердик наамы, аты-жөнү) |
|
|
Мөөрдүн орду
20____-жылдын ______-_________________
3-бет - 2-беттеги текст _____________________ тилинде
4-бет -