Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 11-октябры № 427-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-декабрындагы № 818-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы
Кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтү Кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу экономикалык, маданий жана илимий кызматташтыкты колдоо жана чыңдоо максаттарында,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарга колдонулат.
2-берене. Макулдашуу жайылтыла турган салыктар
1. Бул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин жана анын административдик бөлүнүштөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу киреше салыктарына карата аларды алуунун методуна карабастан колдонулат.
2. Киреше салыгы катары кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ээликтен ажыратуудан алган киреше салыктары, ишкана төлөгөн эмгек акынын же маянанын жалпы суммасынан алына турган салыктар, ошондой эле капиталдын өсүшүнөн алынуучу салыктарды кошкондо, кирешенин жалпы суммасынан же кирешенин элементтеринен алынуучу бардык салыктар эсептелинет.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонулуудагы салыктар деп төмөнкүлөр эсептелет:
a) Кыргыз Республикасында:
i) юридикалык жактардын киреше жана пайдасына салыгы;
i) жеке адамдардан алынуучу киреше салыгы (мындан ары "кыргыз салыктары" деп аталат);
b) Грузияда:
ii) пайдага салык;
ii) юридикалык жактардын киреше салыгы (мындан ары "грузин салыктары" деп аталат).
4. Бул Макулдашуу ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып аракеттеги салыктарга кошумча катары же алардын ордуна алына турган ушул сыяктуу жана маңызы боюнча окшош салыктарга карата колдонулат. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн салык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, ушул Макулдашуунун максатында:
a) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуп жаткан аймакты билдирет;
b) "Грузия" деген термин Грузиянын мыйзамдарына жана эл аралык укуктардын ченемдерине ылайык Грузия өзүнүн эгемендүү укуктарын жүзөгө ашырып жаткан деңиздин түбү, анын казынасы жана жаратылыш байлыктары, кургактагы аймак, ички суулары, деңиз жана аба мейкиндиги, өзгөчө экономикалык зона жана континенталдык шельф, Грузиянын аймагын жана аймактык сууларына жанаша жаткан ар кандай районду билдирет;
c) "Макулдашуучу Мамлекет" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргызстанды жана Грузияны түшүндүрөт;
d) "Жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
i) "Компания" деген термин салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай корпоративдик бирикмени же ар кандай ишкананы түшүндүрөт;
f) "Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
g) "Эл аралык ташуу" деген термин - деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги транспорт каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылган учурларды кошпогондо, деңиз, аба кемелери же жер бетиндеги транспорт каражаттары иш жүзүндө башкаруусу Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан пайдалануу ишканалары менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт;
h) "Компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин же башка ыйгарым укуктуу өкүлдү;
(ii) Грузияда - Финансы министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн;
i) Макулдашуучу Мамлекетке карата "жаран" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(i) Макулдашуучу Мамлекеттин улуту же жарандыгы бар ар кандай жеке адам;
(ii) Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде өзүнүн статусун алган ар кандай юридикалык жак, шериктештик же бирикме.
2. Макулдашууну колдонуунун ар кандай учурдун, Макулдашуучу Мамлекет тарабынан мында аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контексттен башкача келип чыкпаса, ушул Мамлекеттин мыйзамы боюнча ошол кездеги ушул Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата алганда ошол эле мааниге ээ болот, ушул Мамлекеттен тиешелүү салыктык мыйзамдарында аныкталган ар кандай маани ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган мааниден артыкчылыкка ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өзүнүн жашаган жеринин, туруктуу турган жеринин, катталган жеринин, башкарган жеринин же ушул мүнөздөгү башка критерийлердин негизинде салык салынууга тийиш болгон жакты билдирет, ошондой эле ушул Мамлекеттин өзүн же административдик бөлүмүн же жергиликтүү бийлик органын камтып турат. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги булактардан алынган киреше же анда жайгашкан капитал жаатында гана ушул Мамлекетте салык салынууга тийиш болгон ар кандай жакты камтыбайт.
2. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке жак эки Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анын статусу төмөндөгүдөй аныкталат:
a) туруктуу жашаган турак жайы Макулдашуучу Мамлекетте болсо, анда анын гана резиденти болуп саналат; эгерде анын эки Мамлекетте тең туруктуу турак жайы болсо, ал алда канча тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары бар (турмуштук таламдарынын борбору) Мамлекеттин резиденти деп эсептелет;
b) эгерде өзүнүн турмуштук таламдарынын борбору бар Макулдашуучу Мамлекет аныкталбаса, же болбосо ушул Макулдашуучу Мамлекеттин биринде туруктуу турак жайы жок болсо, ал адатта өзү туруктуу жашаган Макулдашуучу Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
c) эгерде ал эки Мамлекетте тең, же болбосо анын биринде да туруктуу жашабаса, ал өзү жарандар болуп эсептелген Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
d) эгерде ал эки Мамлекеттин жараны болуп эсептелсе же алардын биринин да жараны болуп эсептелбесе, Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет.
3. Эгерде 1-пункттун жоболоруна ылайык жеке адам эки Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мындай адам өзүнүн башкаруучу органы иш жүзүндө жайгашкан Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын толук же жарым-жартылай ишин жүзөгө ашырган туруктуу иш ордун билдирет.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин тактап айтканда:
a) башкаруучу жерди;
b) филиалды;
c) офисти;
d) заводду;
e) устакананы; жана
f) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же, жаратылыш ресурстарын казып алуучу башка жерди камтыйт.
3. Курулуш аянтчасы же курулуш же монтаждоочу объект, алар өз ишин алты айдан ашуун жүргүзсө гана туруктуу мекеме уюштурат.
4. Ушул статьянын мурдагы жоболоруна карабастан "туруктуу мекеме" деген термин:
a) курулуштарды жана жабдууларды жалаң гана ишканага таандык болгон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында пайдаланууну;
b) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын жалаң гана сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында кармоону;
c) ишканага таандык болгон товарлардын жана буюмдардын запастарын башка ишканаларда кайра иштетүү максаттарында гана кармоону;
d) туруктуу иш ордун жалаң гана товарларды жана буюмдарды сатып алуу же болбосо ишкана үчүн маалымат чогултуу максатында кармоону;
e) туруктуу иш ордун ишкана тарабынан башка ар кандай иштин даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү, жарнама же илимий изилдөөлөр сыяктуу максаттар үчүн гана кармоону;
f) эгерде ушундай комбинациянын натыйжасында келип чыккан туруктуу иш ордунун жалпы иши даярдоочу же көмөкчү мүнөздө болсо, туруктуу иш ордун даярдоочу же көмөкчү мүнөзгө ээ болгон шартта а) дан е) ге чейинки пунктчаларда саналып өткөн иштин түрлөрүнүн ар кандай комбинациясын жүзөгө ашыруу үчүн гана кармоону камтыбайт.
5. 1 жана 2-пункттардын жоболоруна карабастан, эгерде жак ага карата 6-пункттун жобосу колдонула турган көз карандысыз статустагы агентке караганда ишкананын атынан иштесе жана Макулдашуучу Мамлекетте ишкананын атынан контракт түзүү боюнча ыйгарым укукка ээ болсо жана колдонсо, бул жактын ишкана үчүн бардык кылган иш-аракеттерине карата, 4-пунктта эскертилгендер менен чектелген, эгер бул иш-аракеттер иш-аракеттин туруктуу жери аркылуу жүргүзүлүп, бул иш-аракеттин туруктуу жерин ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айлантпаган учурларды кошпогондо, бул ишкана ушул Мамлекеттеги туруктуу мекемеси бар катары каралат.
6. Ишкердикти ошол Мамлекетте, брокер, комиссионер, же көз карандысыз статусу бар башка агент аркылуу жүргүзсө гана, мындай жактар өзүнүн демейки иш-аракеттеринин, алкагында аракеттенген шартта, Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеси бар деп каралбайт.
7. Макулдашуучу Мамлекеттин биринин резиденти болуп эсептелген компания контролдукту жүргүзсө же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан контролдонсо же ушул башка Мамлекетте ишкердик ишин жүзөгө ашырса (же болбосо туруктуу мекеме аркылуу, же башка жол менен), ал өз алдынча ушул компаниялардын бирин башка мамлекеттин туруктуу мекемеси катары аныктай албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн киреше
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин башка Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн алган кирешесине (анын ичинде айыл же токой чарбасынан алган кирешесине) ушул башка Мамлекетте салык салынат.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин ошол мүлк жайгашкан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ болот. Бул термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү катары болгон мүлктү, айыл жана токой чарбасында пайдаланылган малды жана жабдууларды, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболору колдонулган укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка табигый ресурстарды иштетүү үчүн укуктарга же иштетүүгө акы төлөө катары өзгөрмө же бир өлчөмдөгү төлөмдөргө болгон укуктарды камтыйт, деңиз жана аба кемелери, темир жол жана транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. 1-пункттун жоболору кыймылсыз мүлктү ар кандай башка формада тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же пайдалануудан алынуучу кирешелерге карата да колдонулат.
4. 1 жана 3-пункттардын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге карата да колдонулат.
7-берене. Ишкердик ишинен түшкөн пайда
1. Бир Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, ушул ишкана ишкердик ишин башка Макулдашуучу Мамлекетте ошол жакта жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүргүзгөн учурларды кошпогондо, ошол мамлекетте гана салык салынат. Эгерде ишкана ишкердик ишин жогоруда аталгандай жүзөгө ашырса, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок бул анын ушундай туруктуу мекемеге таандык болгон бөлүгүнө гана тиешелүү болот.
2. 3-пункттун жоболоруна ылайык, эгерде Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы өзүнүн ишкердик ишин башка Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте ушул туруктуу мекемеге карата ал ушул сыяктуу иш жүргүзгөн өз алдынча жана өзүнчө ишкана ушундай эле же ушул сыяктуу шарттарда ушул сыяктуу иш жүргүзсө жана өзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз каранды болгон ушул сыяктуу шарттарда аракеттенсе, ушул туруктуу мекеменин пайдасы ага таандык кылынат.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо ушундай туруктуу мекеменин максаттары үчүн кетирген чыгымдарды, анын ичинде ушул чыгашалардын туруктуу мекеме жайгашкан жердеги мамлекетте же кайсыл жерде болсо дагы кетирген чыгашаларына карабастан, башкаруучу жана жалпы администрациялык чыгашаларды чыгарып салууга жол берилет.
4. Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеге таандык пайданы ишкананын пайдасынын жалпы суммасын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныктаган учурда, Макулдашуучу Мамлекетке 2-пунктта ушундай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого эч нерсе тоскоолдук болбойт; пропорциялуу бөлүштүрүүнүн методу натыйжада ушул беренеде айтылган принциптерге ылайык келгендей болууга тийиш.
5. Эч кандай пайда ушул туруктуу мекеме тарабынан ишкана үчүн товарларды же буюмдарды сатып алуунун негизинде гана туруктуу мекемеге таандык болбойт.
6. Мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге таандык болгон пайда, аны өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүү себептер болмоюнча, жылдан жылга бирдей ыкма менен аныкталат.
7. Эгерде пайдага ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешелердин түрлөрү камтылганда, ошол беренелердин жоболорун ушул Берененин жоболору козгобойт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Деңиз же аба кемелерин, темир жол же автомобиль транспортун эл аралык ташууларда эксплуатациялоодон алынган пайдага ишкананын иш жүзүндө башкаруучу жери жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
2. Эгерде кеме ишканасын иш жүзүндө башкарган жери кеменин өзүндө болгон учурларда, анда ал катталган портто турган Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан болуп эсептелет, же мындай порт жок болгон учурда кеменин оператору резиденти болуп саналган Макулдашуучу Мамлекетте болуп эсептелет.
3. 1-пункттун жоболору биргелешкен ишканага же эксплуатациялоо боюнча эл аралык уюмга, жалпы фондго катышуудан алынган пайдага да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер:
а) Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы башка Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
б) бир эле жактар Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын, ошондой эле башка Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса,
жана мында ушул эки учурда эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде өз алдынча ишкананын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген ар кандай пайда бул ишкананын пайдасына киргизилет жана тийиштүү түрдө салык салынат.
2. Эгерде Макулдашуучу Мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда деп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Мамлекет бул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү оңдоп-түзөтүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн. Мындай оңдоп-түзөтүүлөрдү аныктаганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш, ал эми Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары бири-бири менен зарыл болгон учурда консультацияларды өткөрүшөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан башка Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге мына ушул башка Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси башка Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда мындай жол менен алынуучу салык төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
а) дивиденддердин жалпы суммасынын 5%, эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси болуп, дивиденддерди төлөгөн компаниянын түз же компаниянын капиталынын 25%ын ээлеген компания болуп саналса;
б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынын 10%.
Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча мындай чектөөлөрдү колдонуу ыкмаларын белгилешет. Бул пункт дивиденддер төлөнгөн пайдага карата компанияга салык салууну козгобойт.
3. Ушул беренени пайдаланганда "дивиденддер" деген термин акциялардан алынган кирешелердин, дивиденд алуу укугу менен акциялар же дивиденд алууга укук, кен казып алуучу компаниялардын акцияларын, уюштуруучулардын акцияларын же карыздык талаптар болуп эсептелбеген, пайдага катышууга укук берген башка укуктарды, ошондой эле пайданы бөлүштүргөн компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык салык салуу жагында акциялардан алынуучу кирешелерге теңештирилген башка корпоративдик укуктардан алынуучу кирешени да билдирет.
4. Эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуу менен, ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу дивиденддерди төлөгөн компаниянын резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик ишин жүзөгө ашырса же ушул экинчи Мамлекетте ал жерде жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды жана активдерди көрсөтсө, ага карата дивиденддер төлөнсө, ушундай туруктуу мекемеге иш жүзүндө таандык кылынса, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-беренелердин жоболору шартка жараша колдонулат.
5. Эгерде бир Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттен пайда же киреше алса, ушул экинчи Мамлекет эгерде ушундай дивиденддер мына ушул экинчи Мамлекеттин резидентине ушундай дивиденддерди төлөгөндөн же өзүнө карата дивиденддер төлөнө турган активдер иш жүзүндө ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу базага таандык болсо, жана компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынан бөлүштүрүлбөгөн пайдадан салык ала албайт, а түгүл эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда толугу менен же жарым-жартылай мына ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден турса дагы дивиденддерден ар кандай салык ала албайт.
11-берене. Пайыздар
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок эгерде пайыздарды алган компания экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мындай пайыздарга ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар келип чыккан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок ушундай жол менен алынуучу салык пайыздарынын жалпы суммасынын 5%нан жогору болбоого тийиш.
3. Ушул берененин 2-пунктунун жоболоруна карабастан, эгерде пайыздар экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин Өкмөтүнө же Улуттук банкына төлөнсө, пайыздар Макулдашуучу Мамлекетте салык салуудан бошотулат.
4. Ушул беренени пайдаланганда "пайыздар" деген термин күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан алынуучу, карызкорлордун пайдага катышуусуна укук берген же укук бербеген, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан киреше алууга жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден киреше алууга, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акылардан жана утуштардан алынуучу кирешеге укук берген карыздык ар кандай түрдөгү талаптардан алынган кирешени билдирет. Ушул берененин максаты үчүн, өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып акылар пайыздар катары каралбайт.
5. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик жүргүзсө, анда жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар пайда болсо же анын негизинде пайыздар төлөнүүчү ушул экинчи Мамлекетте көз карандысыз жеке кызматтарды анда жайгашкан туруктуу базасы менен көрсөтүү жана карыздык талаптар ушундай туруктуу мекеме менен же туруктуу база менен байланышкан болсо 1-2-пункттун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7 же 14-беренелердин жоболору шартка жараша колдонулат.
6. Эгерде Мамлекеттин өзү, анын администрациялык бөлүмү, жергиликтүү бийлик органы же ушул Мамлекеттин резиденти пайыз төлөөчү болуп эсептелсе, Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон пайыздар деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөгөн жак өзүнүн Макулдашуучу Мамлекетинин резиденти болуп эсептелгендигине же андай болбогондугуна карабастан Макулдашуучу Мамлекетте туруктуу мекемеге ээ болсо, ошого байланыштуу пайыздар боюнча карыз келип чыкса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме жайгашкан Мамлекетте пайда болот деп эсептелет.
7. Эгерде пайыздарды төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелердин себеби боюнча карыздык милдеттенмеге таандык кылынган пайыздардын суммасы ал төлөнө турган негиздеги пайыздарды төлөөчү жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашып кетсе, ушундай мамилелер жок болгондо ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эсепке алуу менен салык салынат.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашуучу Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү роялтиге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыга турган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде аны алуучу роялтинин иш жүзүндөгү ээси болуу менен, экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мына ушундай жол менен алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 10%нан жогору болбоого тийиш.
3. "Роялти" деген термин ушул статьяда пайдаланылганда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармаларына же илимий эмгектерге, анын ичинде программалык камсыз кылууга, кинофильмдерге, кандайдыр бир патенттерге, соода маркаларына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске болгон автордук укуктарды пайдалануу укугун берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууну же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматты тиешелүү пайдалануу укугун билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуу менен, ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келип чыккан экинчи Макулдашуучу Мамлекетте ишкердик ишин жүзөгө ашырса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана роялти төлөнө турган укук же мүлк чындыгында эле мына ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланыштуу болсо, 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайларга жараша 7 же 14-беренелердин жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялтини төлөөчү ушул Мамлекеттин өзү, анын аймактык-администрациялык түзүмү, бийликтин жергиликтүү органы же ушул мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, роялти Макулдашуучу Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок роялтини төлөгөн жак Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти, Макулдашуучу Мамлекетте роялти төлөө милдеттенмеси пайда болгон туруктуу мекемеси же туруктуу базасы болгондугуна же болбогондугуна карабастан жана мындай роялтини туруктуу мекеме же туруктуу база төлөгөн болсо, анда ушул роялти туруктуу мекеме же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде роялтини төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн жана кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө өз ара мамилелердин себеби боюнча роялтинин ошол негизде төлөнө турган суммасын пайдаланууга, ага болгон укукка же маалыматка таандык болгон роялтинин суммасынан аны төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы Макулдашылган суммадан ашып кетсе, мындай мамилелер жок болгон учурда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата колдонулат. Ушундай учурда төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө ар бир Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эсепке алуу менен мурдагыдай салык салынууга тийиш.
13-берене. Капиталдан түшкөн кирешелер
1. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан 6-беренеде эскертилген кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашуучу Мамлекетте болгон туруктуу мекемесинин ишкердик кылуучу мүлкүнүн бир бөлүгүн же экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин карамагында болгон туруктуу базага таандык кылынган кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү максатында, анын ичинде мына ушундай туруктуу мекемени ээликтен ажыратуудан (өзүнчө же бүткүл ишкана менен чогуу), кирешелерге же болбосо ушундай туруктуу базага мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемелерин, темир жол же автомобиль транспорт каражаттарын, же ушундай аба же деңиз кемелерин, темир жол же автомобиль транспорт каражаттарын пайдаланууга таандык болгон кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге ишкананын жетектөөчү органы иш жүзүндө жайгашкан Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
4. Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынуучу активдери тикелей же кыйыр түрдө, толугу менен же негизинен экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн турган 50 пайыздан ашык акцияларын ажыратуудан алынган кирешелерге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. 1, 2, 3 жана 4-пункттарда эскертилген ар кандай башка мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резидент болуп эсептелген Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз карандысыз жеке кызматтар
1. Ушундай кирешеге экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салына турган төмөнкүлөрдөн башка учурларда, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан кесиптик кызматтарды көрсөтүүдөн же башка ушул сыяктуу көз карандысыз мүнөздөгү иштен алынган кирешесине мына ушул мамлекетте гана салык салынат:
а) эгерде анын өзүнүн ишин жүргүзүү максатында экинчи Макулдашуучу Мамлекетте өзүнө ар дайым ачык болгон туруктуу базасы болсо; мындай учурда мына ушул туруктуу базага таандык болгон кирешенин ошол бөлүгүнө гана ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн; же
b) эгерде анын экинчи Макулдашуучу Мамлекетте болушу чогуу алганда ар кандай он эки айлык мезгилде 183 күндү түзгөн же андан ашкан мезгилдин же мезгилдердин ичинде улантылса; мындай учурда ошол экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги иштен алынган кирешенин ошол бөлүгүнө гана ушул Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кесиптик кызматтар" деген термин атап айтканда, көз карандысыз илимий, адабий, көркөм, билим берүү же окутуучулук ишти, ошондой эле дарыгерлердин, юристтердин, инженерлердин, архитекторлордун, стоматологдордун жана бухгалтерлердин көз карандысыз ишин камтыйт.
15-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүү
1. 16, 18 жана 19-беренелердин жоболорун эске алганда, эгерде жалданма жумуш экинчи Макулдашуучу Мамлекетте аткарылбаса, Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан жалданма жумуштан алынуучу эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыга мына ушул Мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн. Эгерде жалданма жумуш ушундай жол менен аткарылса, анда ушуга байланыштуу алынган сый акыга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалдоо боюнча жумушка байланыштуу алынган сый акыга төмөнкү учурларда гана биринчи эскертилген Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, эгерде:
a) алуучу экинчи Мамлекетте аталган салыктык жылда башталган же аяктаган ар кандай 12 айлык мезгилде чогуу алганда 183 күндүн ичинде же андан ашпаган мезгилде болсо;
b) сый акы жалдоочу тарабынан же экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочунун атынан төлөнөт;
c) сый акыларды төлөө боюнча чыгашаларды жалдоочу экинчи Мамлекетте ээ болгон туруктуу мекеме же туруктуу база тартпайт.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемесинин ичинде, темир жол же автомобиль транспорт каражатында жүзөгө ашырылган жалданма жумуш боюнча сый акыга ишкананы башкаруу иш жүзүндө жайгашкан жердеги Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Директорлорго сый акы төлөө
Директорлордун сый акысына жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган, компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган башка ушундай төлөмдөргө ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
17-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти же музыканты катары искусство кызматкери катарында же спортчу катары экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде ушул сапатта иштеген артист же спортчу тарабынан жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси артисттин же спортчунун жеке өзүнө эсептелбей, башка жакка эсептелсе, 14 жана 15-беренелердин жоболоруна карабастан, бул кирешеге артисттин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашуучу Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган артист же спортсмен тарабынан эки Макулдашуучу Мамлекеттин Өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий алмашуу планына ылайык экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жүргүзгөн иштен алынган киреше экинчи Мамлекетте салык төлөөдөн бошотулат.
18-берене. Пенсиялар жана аннуитеттер
1. 19-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен Макулдашуучу Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол гана Мамлекетте салык салынууга тийиш.
2. "Аннуитет" термини акчалай түрдө же акчалай эквивалентте адекваттуу же толук түрдө ордун толтуруунун ордуна акы төлөө милдеттенмеси боюнча жашоо жылдарында аныкталган мөөнөттөрдө же белгиленген мезгилдин ичинде мезгил-мезгили менен төлөнүүчү белгиленген сумманы билдирет.
19-берене. Мамлекеттик кызмат
1. а) Макулдашуучу Мамлекет же анын административдик бөлүмү же жергиликтүү бийлик органы тарабынан ушул Мамлекетке, бөлүмдөрүнө же органдарына көрсөтүлгөн кызматтарга карата жеке жакка төлөнүүчү пенсиялардан жана аннуитеттерден тышкары, эмгек акыга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол Мамлекетте гана салык салынат;
b) бирок, мындай эмгек акыга, сый акыга жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө, эгерде кызмат ошол Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте гана салык салынууга тийиш, ал:
(i) ушул Мамлекеттин жараны болуп саналса; же
(ii) кызмат өтөө максатында гана ошол Мамлекеттин резиденти болбосо.
2. а) 1-пункттун жоболоруна карабастан, жеке жакка Макулдашуучу Мамлекет, анын административдик бөлүмдөрү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ошол Мамлекетке, же бөлүмүнө же бийлик органына көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөнгөн же алар түзгөн фонддордон берилген пенсияларга же башка ушул сыяктуу сый акыларга ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
b) бирок мындай пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга, эгерде жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти жана жараны болуп саналса, экинчи Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат.
3. 15, 16, 17 жана 18-беренелердин жоболору Макулдашуучу Мамлекет же анын административдик бөлүмү же жергиликтүү органы ишкердикти жүргүзүүгө байланыштуу көрсөтүлүүчү кызматтарга карата эмгек акыларга, маяналарга, пенсияларга жана башка ушул сыяктуу сый акыларга колдонулат.
20-берене. Студенттер
Макулдашуучу Мамлекетке келгенге чейин түздөн-түз экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп саналган жана аталган биринчи Макулдашуучу Мамлекетте билим алуу же стажировкадан өтүү максатында гана жүргөн студент же стажер жашоо, билим алуу жана стажировкадан өтүү максаты үчүн алган төлөмдөр, мындай төлөмдөр ушул Мамлекеттин чегинен тышкаркы жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аталган Макулдашуучу Мамлекетте салык салынбайт.
21-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун жогоруда аталган беренелеринде айтылбаган Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешелеринин элементтерине, алардын келип чыгуу булагына карабастан, ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 2-пунктунда белгиленген кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешелерден башка кирешелерге 1 -пункттун жоболору колдонулбайт, эгерде мындай кирешени алуучу биринчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашуучу Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик жүргүзсө же ошол экинчи Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана ага карата киреше төлөнгөн укук же мүлк чынында эле ушундай туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо. Мындай учурда жагдайга жараша 7 же 14-беренелердин жоболору колдонулат.
3. Ушул Макулдашуунун мурунку беренелеринде каралбаган жана экинчи Макулдашуучу Мамлекетте пайда болгон Макулдашуучу Мамлекеттин резидентинин кирешелерине, берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, ошол экинчи Мамлекет салык салынышы мүмкүн.
22-берене. Кош салык салууну четтетүү методу
1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Грузияда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, анда Кыргызстан ошол резиденттин киреше салыгынан Грузияда төлөнгөн салыкка барабар сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Жогоруда аталган жоболорго ылайык кармалган салыктын суммасы Кыргызстанда колдонулган ставкалар боюнча бул кирешеге карата эсептелинүүчү салыктын ставкасынан ашпоого тийиш;
б) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Грузияда гана салык салынуучу киреше алса, Кыргызстан бул кирешени салыктык базага киргизе алат, бирок мындай кирешелер үчүн Кыргызстанда салык салуу максатында колдонулуучу салыктын ставкаларын белгилөө максатында гана.
2. Грузияда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
а) эгерде Грузиянын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, анда Грузия ошол резиденттин киреше салыгынан Кыргызстанда төлөнгөн салыкка барабар болгон сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк бериши керек. Эки учурда тең кармалган салыктын суммасы, Грузияда мындай кирешеге карата колдонулуучу эрежелерге жана ставкаларга ылайык бул кирешеге эсептелүүчү салыктан ашпоого тийиш;
б) эгер Макулдашуунун баардык жоболоруна ылайык Грузиянын резиденти алуучу киреше Грузияда салыктан бошотулса, анда Грузия андай резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнүн суммасына салыкты эсептөөдө бошотулган кирешени эске алышы мүмкүн.
23-берене. Дискриминацияга жол бербөө
1. Макулдашкан мамлекеттин жарандары Макулдашкан башка Мамлекетте ушул Мамлекеттин жарандары үчүн ошондой эле шарттагы салык салуудан жана ага байланыштуу талаптардан оорураак салык салууга же ага байланышкан башка талаптарга, атап айтканда, жашаган жерине байланыштуу талаптарга дуушарланбоого тийиш. 1-берененин жоболоруна карабастан, бул жобо Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденттери эмес жактарга карата да колдонулат.
2. Макулдашуучу Мамлекеттердин резиденттери болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар Макулдашуучу Мамлекеттердин биринде ошол Мамлекеттин жарандары үчүн ошондой эле шарттагы салык салуудан жана ага байланыштуу талаптардан оорураак салык салууга же ага байланышкан башка талаптарга, атап айтканда, жашаган жерине байланыштуу талаптарга дуушарланбоого тийиш.
3. Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин Макулдашкан экинчи Мамлекеттин аймагындагы туруктуу мекемесине салык салуу ошол Мамлекеттин өзүнүн ишканалары үчүн ошондой эле иш үчүн салык салууга караганда оорураак болбоого тийиш. Бул жобо Макулдашуучу Мамлекеттердин бирин Макулдашуучу Мамлекеттердин экинчисинин резиденттерине өзүнүн резиденттеринин жарандык статусуна же үй-бүлөлүк милдеттерине байланыштуу берүүчү ар кандай жеңилдиктерди, салык салуудагы азайтууларды берүү талабы катары чечмеленүүгө тийиш эмес.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 6-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулгандан башка учурларда Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы Макулдашкан башка Мамлекеттин резидентине төлөөчү проценттер, роялти жана башка төлөмдөр андай ишкананын салык салынуучу кирешесин аныктоо максатында аталган биринчи Мамлекеттин резидентине төлөнө тургандай шарттарда эле салыктан чыгарып салууга жатат. Ушул сыяктуу эле, Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин Макулдашуучу Мамлекеттердин экинчисинин резидентине ар кандай береселери андай ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо үчүн аталган биринчи Мамлекеттин резидентине берилүүчү шарттарда эле салыктан чыгарып салууга жатат.
5. Макулдашуучу Мамлекеттердин ишканаларынын капиталы толугу менен же айрым бөлүгү Макулдашуучу Мамлекеттердин экинчисинин бир же бир нече резидентине таандык болсо же алар тарабынан түз же кыйыр контролдонсо, ал ишканалар аталган биринчи Мамлекетте ушул Мамлекеттин ошол сыяктуу ишканаларына салынуучу же салынышы мүмкүн болгон ар кандай салыктардан же аларга байланыштуу талаптардан оорураак талаптарга дуушарланбоого тийиш.
24-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгер кимдир бирөө Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы салык салууга алып келет деп эсептесе, жана анын учуру 23-берененин 1-пунктуна ылайык келсе, анда ал ушул Мамлекеттердин ички мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өзүнүн ишин ал өзү жараны болгон Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органына бере алат. Арыз ушул макулдашуунун жоболоруна каршы салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи жолу кабарланган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Эгер компетенттүү орган андай макул эместикти туура деп эсептесе жана канааттандыруучу чечимге өзү келе албаса, бул макулдашууга каршы келген салык салууну болтурбоо максатында маселени Макулдашкан башка Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген ар кандай макулдашуулар Макулдашуучу Мамлекеттин ички мыйзамдарында каралган убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашуучу Мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай кайчы пикирлерди же күмөн саноолорду өз ара макулдашып чечүүгө умтулушат. Алар ошондой эле бул Макулдашууда каралбаган учурлардагы кош салык салууну жоюу үчүн биргелешкен консультацияларды өткөрө алышат.
4. Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары жогорудагы пункттарга байланыштуу маселелер боюнча макулдашууга келүү үчүн бири-бири менен, анын ичинде алардын өздөрүнөн же өздөрүнүн өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссиялар аркылуу түз байланышта боло алышат.
25-берене. Маалымат алмашуу
1. Мыйзамдар ушул Макулдашууга каршы келгенден башка учурларда Макулдашуучу Мамлекеттердин компетенттүү органдары салык салуу ушул макулдашуунун жоболорун аткаруу, же Макулдашуучу Мамлекеттердин атынан салынуучу ар кандай түрлөрдөгү салыктарды башкарууга же аткарууга, алардын саясый, административдик бөлүнүштөрүнө же жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү ички мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн пайдасы тийиши мүмкүн болгон маалыматтарды алмашышат.
2. Макулдашуучу Мамлекет 1-пунктка ылайык алган ар кандай маалымат ошол Мамлекеттин ички мыйзамдарына ылайык алынган маалымат сыяктуу эле жашырын деп эсептелет жана 1-пунктта же жогоруда каралгандай салыктарды баалоого же алууга, мажбурлап өндүрүүгө же соттук кароого, апелляцияларды кароого байланыштуу иштеген адамдарга жана органдарга (анын ичинде сотторго жана административдик органдарга) гана билдирилет.
3. 1 жана 2-пункттардын жоболору Макулдашуучу Мамлекетке төмөнкүдөй иштерди аткаруу үчүн салынуучу милдеттенме катары каралууга тийиш эмес:
a) бул же тигил Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына же административдик практикасына каршы келген административдик аракеттерди жүргүзүүгө;
b) бул же тигил Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдары боюнча же адаттагы административдик практиканын натыйжасында алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
c) соода процессинин соодалык, ишкердик, өнөр жайлык, коммерциялык же кесиптик сырын ачуучу маалыматты же ачылышы мамлекеттик саясатка каршы келүүчү маалыматты берүүгө.
4. Эгер маалымат Макулдашуучу Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашуучу Мамлекет өзүнүн жеке салыктык максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо да, экинчи Макулдашуучу Мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн чогултуу чараларын пайдаланышы керек. Мурунку сүйлөмдө камтылган милдеттенмелерге ушул берененин 3-пунктунда чек коюлууга тийиш, бирок мындай чектөөлөр Макулдашуучу Мамлекеттин мындай маалыматтар ички кызыкчылыктарга ээ болбогондугу үчүн гана маалымат берүүдөн баш тартып коюусуна мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору Макулдашуучу Мамлекетке маалымат банкта же башка финансылык уюмда, ыйгарым укуктуу адамда же агент же ишенимдүү адам катары аракеттенген адамда турат же жеке жактын мүлктүк кызыкчылыктарына тийиштүү деген негизде гана маалымат берүүдөн баш тартууга жол берүү катары эч качан чечмеленбөөгө тийиш.
26-берене. Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун эч кандай жобосу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин эл аралык укуктун жалпы ченемдеринин же атайын макулдашуулардын жоболорунун негизинде салыктык артыкчылыктарын козгобойт.
27-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашуучу Мамлекеттер ушул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон тиешелүү мыйзамдарына ылайык талап кылынуучу жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлашы керек.
2. Ушул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда белгиленген акыркы билдирүү берилген датадан баштап күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулат:
а) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык айда же биринчи январынан кийин алынган кирешеге булактан кармалуучу салыктарга;
б) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап бардык салыктык мезгилдердеги алынуучу кирешелерге карата алынуучу салыктарга карата.
3. Макулдашуучу Мамлекеттер Макулдашууга өзүнчө Протокол менен түзөтүүлөрдү киргизе алышат, анын жоболору ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул берененин 2-пунктунда аныкталган тартипте күчүнө кирет.
28-берене. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин бири аны колдонууну токтотконго чейин күчүндө кала берет. Макулдашуучу Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл өткөндөн кийинки кайсыл гана болбосун календардык жыл аяктаганга алты ай калганда Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлоо менен Макулдашууну колдонууну токтотушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата күчүн токтотот:
a) кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же андан кийин алынган кирешеге булактан алынуучу салыктарга карата;
b) кабарлоо берилген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып же кайсы гана болбосун салыктык мезгилдерде алынган кирешелерге салынуучу салыктарга карата.
Ушуну ырастоо үчүн төмөндө кол коюучулар, милдеттүү түрдө буга ыйгарым укуктуу болуу менен ушул Макулдашууга кол коюшту.
______________ шаарында __________ жылы кыргыз, грузин жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текст бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Грузия Өкмөтү үчүн |
ПРОТОКОЛ
Төмөндө кол койгондор "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга" кол коюу учурунда төмөнкү жоболор Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү боло тургандыгын макулдашышты:
Ушул Макулдашууга ылайык:
Грузияга карата алганда "административдик түзүм" же "жергиликтүү бийлик" деген термин "административдик-аймактык бирдикти" же "жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органын" билдирет.
Ушуну ырастоо үчүн төмөндө кол койгондор, милдеттүү түрдө буга ыйгарым укуктуу болуу менен ушул Протоколго кол коюшту.
_____________ шаарында _________ жылы кыргыз, грузин жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык текст бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Грузия Өкмөтү үчүн |