Редакцияот 21.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 24-ноябры № 498-б

Энергетика тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча функциялардын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине өткөрүп берилгендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1-пунктта:

- экинчи абзацтагы "Экономика министри" деген сөздөр "Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;".

 

Премьер-министр

 

С. Ш. Жээнбеков