Редакцияот 07.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 07-августу № 322-б

Энергетика секторунда финансылык ачык-айкындуулукту жогорулатуу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети онлайн режиминде "Кыргыз Республикасынын энергетикалык кубаттуулугу" электрондук картасынын үзгүлтүксүз ишин, аны квартал сайын жаңылоону жана башкарууну камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө электр энергиясын дүң сатуучу-сатып алуучулардын жана электр энергиясын керектөөчү-сатуучулардын менчигинде турган 110 киловольттуу подстанциялар жөнүндө маалыматты ушул буйруктун тиркемесине ылайык формада "Кыргыз Республикасынын энергетикалык кубаттуулугу" электрондук картасына жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине берсин.

3. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому акционери болуп эсептелген энергетикалык компаниялардын менчигинде турган 110 киловольттуу жана андан төмөн подстанциялар жөнүндө маалыматты ушул буйруктун тиркемесине ылайык формада "Кыргыз Республикасынын энергетикалык кубаттуулугу" электрондук картасына жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине берип туруу сунушталсын.

4. Маалыматтын өз убагында берилиши жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик менен "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун жетекчилерине жүктөлсүн.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков

 

Тиркеме

Подстанциялар жөнүндө маалымат берүүнүн ФОРМАСЫ

Компаниянын-подстанциялардын ээсинин аталышы __________________________________________

Маалыматты жаңыртуу датасы __________________________________________________________

№

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

 

Подстанциянын аталышы жана чыңалуу классы

Пайдаланууга берилген жылы

Трансформаторлордун саны жана алардын белгиленген кубаттуулугу

Орнотулган трансформаторлордун суммардык кубаттуулугу

Өлчөмдөр боюнча иш жүзүндөгү жүктөм, MBA (подстанциядагы акыркы расмий контролдук өлчөөлөр)

Аталган подстанцияга технологиялык кошулууга түшкөн өтүнмөлөрдүн саны жана көлөмү, MBA

Аталган подстанцияга технологиялык кошулууга берилген техникалык шарттардын саны жана көлөмү, MBA

Аталган подстанцияга технологиялык кошулууга уруксат берилген максималдуу кубаттуулук, MBA

Аталган подстанцияга технологиялык кошулууга уруксат берилген максималдуу кубаттуулук, MBA (өткөн мезгилге, күнүн көрсөтүү)

Тышкы тармактык чектөөлөр (чектөөлөрдү алып салуу мөөнөтү)

Кошулган ПС 110/35/6-10 кВ