Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-августу № 333-б
"Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
"Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун каржылоо боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Шадиев Аскарбек Алимбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Рыспаев Кожобек Жайчыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Иминов Фархат Ажмуханбетович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Абдыжапаров Аскарбек Самийбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Кокочаров Урматбек Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Рыспеков Арсен Арзыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Жусуев Болот Аманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын башчысы; |
Оскомбаев Марат Салмурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялардын программасы бөлүмүнүн башчысы; |
Худайбергенов Дильшат Акрамович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Секиев Баатырбек Садыбакасович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги; |
Султанов Арстаналы Камбаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги; |
Абасканов Нурбек Эсенканович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков Эркин Эсенбекович | - | "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Муктаров Арстанбек Кенешович | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Момунбеков Бектурсун Жылдызович | - | Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин Айылдык инвестициялар долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча). |