Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 14-августу № 337-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 77-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкүлөр жактырылсын:
- 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;
- 2014-жылдын 12-ноябрындагы Атаандашуунун бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуялуу маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилик жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколдун долбоору.
2. Финансы-экономикалык блоктун, Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине аталган протоколдорго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 77-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |