Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-январы ПБ № 8
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жана 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып:
1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - Ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2017-жылдын 26-январына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин даярдасын жана аны андан ары жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин:
- 2016-жылдын 11-декабрында референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү;
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясындагы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамынын 6-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнүн ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги карама-каршылыктарды жоюуну.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүм алам.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Ш. Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Ниязов Фарид Абилезимович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Ахметов Уран Тулондиевич | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ишекеев Назаркул Ишекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Мусаев Сыртбай Жолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев Абдылдажан Амантурович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Касымбеков Нурбек Айтыевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү; |
Исмаилов Анарбек Касымович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; |
Абдрахманова Чолпон Садырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын башчысы; |
Садыков Канатбек Рахманбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Султанбаев Абдыкадыр Дарданович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Медералиев Джумабек | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Есеналиев Максатбек Кульчороевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Абдысадыр уулу Азат | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы; |
Айдаркулов Мэлис Калданбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти; |
Кадыров Ысмайыл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча). |