Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-июлу № 283-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине жогоруда аталган Макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ош шаарында жалпы билим берүү мектебин куруу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү,
эки элдин ортосундагы достук мамилелерди өркүндөтүүнү каалоо менен,
1996-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүктүү достук жөнүндө келишимге таянып,
билим берүүнү өнүктүрүү эки мамлекеттин маданий-гуманитардык жактан өз ара аракеттенүүсүнүн жана кызматташуусунун маанилүү шарты деп эсептөө менен,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун максаты болуп өзбек тараптын каражатына Ош шаарында 630 окуучулук орундуу жалпы билим берүү мектебин (мындан ары - "Объект") куруу жана кыргыз тарапка менчик укугунда бекер өткөрүп берүү саналат.
2-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Ош шаарынын мэриясы.
Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Элдик билим берүү министрлиги, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комитети, Анжиян облусунун акимияты.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында кыргыз тарабы:
а) Объектти курууга жарактуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кандайдыр бир милдеттенмелерден бошотулган, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Абсамат Масалиев көчөсү № 37 дарегинде жайгашкан, аянты 1,15 га жер участогун бөлүп берет;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Объекттин баланс кармоочусун аныктайт;
в) курулуш жүрүүчү аймакты бошотуу, тосуу, кирме жол менен камсыз кылуу боюнча даярдоо иштерин жүргүзөт, шаардык тармактарды инженердик коммуникацияга туташтырат жана жанаша аймактарда жакшыртуу иштерин жүргүзөт;
г) курулуш иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыздайт, анын ичинде курулуш шаарчасын түзүүгө жана жайгаштырууга аймакты, транспорт каражаттарынын жана атайын техниканын кыймылынын маршрутун, топурак жана курулуш таштандыларын ташып чыгаруу жана ташып кирүү үчүн жайларды берет;
д) курулуш иштери башталгандан тартып, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы Объектти кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюлганга чейинки бардык уруксат берүү документтерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө берүүнү камсыздайт;
е) өзбек тарап аныктоочу башкы подряддык уюмга, ошондой эле лицензиар тарабынан бул жөнүндөгү маалыматтарды реестрге киргизүү жана мамлекеттик каттоо жана юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү жолу менен лицензия берүүнүн кошумча жол-жоболорун жүргүзбөстөн жана улуттук лицензия бербестен, Кыргыз Республикасынын аймаганда колдонулуучу бул уруксатты/лицензияны таануу жолу менен Өзбекстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары жана башка чет элдик мамлекеттер тарабынан курулуш ишин жүргүзүүгө берилүүчү тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар субподряддык уюмга көмөк көрсөтөт;
ж) Объектти куруу үчүн Кыргыз Республикасына Өзбекстан Республикасынан алып келинүүчү жана Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына ташып чыгуучу курулуш материалдарын, техникаларды, жабдууларды товарлардын акциз алдындагы тобунан сырткары кыйыр салыктардан, милдеттүү төлөмдөрдөн, анын ичинде товарларды чыгарууга байланышкан иш-аракеттерди жасагандыгы үчүн жыйымдардан бошотот;
з) визалык колдоону жана Кыргыз Республикасына кирүү/чыгуу визаларын тариздөөнү камсыздайт жана Объектти курууга катышкан Өзбекстан Республикасынын персоналын - жарандарын мамлекеттик, консулдук жана башка төлөмдөрдү албастан каттоо жол-жобосун ишке ашырат, ошондой эле иштөөсү үчүн уруксат берүү кагаздарын алуудан бошотот;
и) Объектти курууга жана жабдууга тартылган Өзбекстан Республикасынын персоналынын - жарандарынын коопсуздугун камсыздайт, ошондой эле Объектти куруу жана жабдуу убагында аларга шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнү камсыздайт;
к) Объектти курууга керектүү курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды курулуш аянтына чейин жеткирүүдө, ал эми жумуш аяктагандан кийин техникаларды, жабдууларды жана пайдаланылбаган курулуш материалдарын өзбек-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы макулдашылган өткөрүү пункттарына чейин жеткирүүдө көмөк көрсөтөт;
л) Объектти курууда өзбек тараптын суроо-талабы боюнча иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын уюмдарын жана жарандарын тартуу маселелери боюнча жардам көрсөтөт.
4-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында өзбек тарабы:
а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган техникалык талаптарга ылайык долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгууну, ошондой эле аны кыргыз тарап менен макулдашууну камсыздайт;
б) өзүнүн жана тартылган күчтөрү, каражаттары менен Объекттин курулушун, анын ичинде Объектти куруу үчүн керектүү болгон курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды алып келүүнү камсыздайт;
в) Объектти курууга керектүү курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды курулуш аянтына чейин, ал эми жумуш бүткөндө техникаларды, жабдууларды жана пайдаланылбаган курулуш материалдарын белгиленген пунктка чейин жеткирүүнү камсыздайт;
г) куруучулардан жана керектүү адистерден турган өзбек персоналдарын пайдалануу менен Объекттин курулушун ишке ашырууга укуктуу, мында миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга курулушка тартылган Өзбекстан Республикасынын жарандарынын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө билдирилет;
д) салыктардан жана милдеттүү төлөмдөрдөн, анын ичинде Объектти куруу үчүн Өзбекстан Республикасынан ташылып чыгуучу жана Кыргыз Республикасына ташылып кирүүчү курулуш материалдарын, техниканы, жабдууну жана Объектти курууга катышкан өзбек персоналынын керектөөсү үчүн мүлкүн бажылык тариздөөдө бажы жыйымдарынан бошотот.
5-берене.
Объектти куруу мөөнөтү 180 календардык күндөн ашпаган убакытка аныкталсын. Объекттин курулушун баштоо жана аяктоо Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы төмөнкүдөй тиешелүү актыларга кол коюу жолу менен аныкталат.
а) Объекттин курулушун баштоо жөнүндө акт;
б) Объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү акты.
6-берене.
Зарылчылык болсо жана Тараптардын өз ара макулдашуусу менен ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелүүчү өзүнчө протоколдор менен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор 7-беренеде аныкталган тартипте күчүнө кирет.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө келип чыгуучу кайчы пикирлер Тараптардын сүйлөшүүсү жана консультациялар аркылуу чечилет.
7-берене.
Ушул Макулдашуу эки Тараптын кол койгон датасынан тартып, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына каршы келбеген бөлүктө убактылуу колдонулат жана Тараптардын анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө акыркы кат түрүндөгү билдирүүнү дипломаттык каналдар аркылуу алган күнүнөн тартып күчүнө кирет.
__________________ шаарында 2017-жылдын "____" ________________ эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде аткарылды, мында бардык текст бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болсо, орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |