Редакцияот 21.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 21-июну № 250-б

1. Бишкек шаарында 2014-жылдын 26-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-каттын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков