Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-июну № 200-б
2017-жылдын 5-6-июнунда Беларусь Республикасынын Минск шаарында боло турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кезектеги жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 4-7-июнунда Беларусь Республикасынын Минск шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгил
енген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Мурашев Нурбек Мурзапазылович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Омуралиев Кубанычбек Камчыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Монолдоров Дамир Черикович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Кубанычбек Алтынай | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Маматов Кайрат Адамкалиевич | - | "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Широковских Арсений Вячеславович | - | "Автомаш-Радиатор" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Абдырасулова Гулзат Аскарбековна | - | "Нарын" эркин экономикалык аймагынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Шорохов Мунарбек Орозбекович | - | "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун банк кредиттери башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Попов Виктор Александрович | - | Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкекгорлифт" муниципалдык ишканасынын директору (макулдашуу боюнча); |
Касымбекова Лира Байысбековна | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Кадырбаева Светлана Асангазиевна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардамдар башкармалыгынын башкы адиси, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы. |