РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июнундагы № 206-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант бөлүп берүү жөнүндө макулдашуу-каттын расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 6-июну № 206-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант бөлүп берүү жөнүндө макулдашуу-каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-катка принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С. Ш. Жээнбеков