Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-июну № 217-б
2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын даярдоону жана катышууларын камсыз кылуу максатында:
1. 2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын даярдоо боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдын ала жиберген өтүнүчүнүн негизинде 2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга кетип жаткан Кыргыз Республикасынын спорттук делегацияларынын мүчөлөрү үчүн чет мамлекеттердин кирүү/чыгуу визаларын тариздөө маселелери боюнча дипломатиялык ноталарды даярдоого жана жиберүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги берген графикке ылайык тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бекитилген бюджеттик каражаттарынын чегинде Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын 2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга даярдануу жана катышуу үчүн финансы каражаттарын өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) Медициналык кызмат көрсөтүүлөр 2-бөлүмүнө ылайык акысыз негизде 2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга даярданып жаткан Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын сапаттуу медициналык кароодон өткөрүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы зарыл болгон учурда, белгиленген тартипте 2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышуу үчүн кетип жаткан Кыргыз Республикасынын спорттук делегацияларынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун берүүгө көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитети, Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча федерациялары менен бирдикте, бекитилген пландарга ылайык 2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын даярдоо жана катышуу шарттарын камсыздашсын.
8. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик "ЭлТР" телерадиоберүү компаниясына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына 2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын даярдоонун жана катышуунун жүрүшүн чагылдыруу сунуш кылынсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
2017-2020-жылдар мезгилинде боло турган эл аралык комплекстүү спорттук оюндарга катышууга Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (социалдык маселелер боюнча), уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары (консулдук маселелерди тейлеген);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиадалык комитетинин башкы катчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору.