Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 8-июну № 218-б
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин жетекчилигинин функциялык милдеттери өзгөргөндүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддогу кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-сентябрындагы № 470-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорунун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Казаков Болсунбек Күмүшбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Тюменбаев Баккельди Рахимович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
- ведомстволор аралык комиссиянын курамынан Мамбетжанов М.Т., Иманалиев Д.Ш. чыгарылсын.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |