Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 24-декабры № 496-б
(КР Өкмөтүнүн, 2017-жылдын 8-июнундагы № 218-б, 2018-жылдын 22-январындагы № 15-б, 2019-жылдын 18-январындагы № 2-б 2019-жылдын 24-декабры № 496-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин натыйжалуу түзүү жана пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Биринчи вице премьер-министр | К.А. Боронов |
Тиркеме
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун директорлор кеңештеринин, ревизиялык комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана катчыларынын кызмат орундарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-декабры № 496-б буйругунун редакциясына ылайык)
Исакулов Жылдызбек Абдилахатович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Ахматов Султан Маматович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Беков Аскат Турдумаматович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн долбоордук өнүктүрүү секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
Султанбеков Даниель Аалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин статс-катчысы; |
Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Абиров Мыктыбек Медетбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жээнбеков Марат Арынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин электр энергетика башкармалыгынын начальниги; |
Сатарова Эльдана Таалайбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын мамлекеттик менчикти башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Садабаев Тулеген Дюшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин отун ресурстары жана жылуулук менен жабдуу бөлүмүнүн башчысы; |
Рыскулов Канат Бактыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарбакер коомдор менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Аскаралиев Келдибек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдраев Анвар Карикеевич | - | "Кыргызстан банктарынын бирикмеси" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Гетман Валерия Валерьевна | - | Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Кошоев Бакытбек Бирликович | - | "Корпоративдик башкаруу жана өнүктүрүү институту" коомдук фондунун кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Мурсабеков Исламбек Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы коомдук кеңештин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Керималиева Эльмира Абдыказиевна | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |