РаспоряжениеКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 219-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) буйругу

Редакция08.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 8-июну № 219-б

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункту "өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө" деген сөздөрдөн кийин ", экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган буйруктун тиркемесинин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коргоо, коомдук коопсуздук жана укуктук тартип, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы".

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков