Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 16-июну № 240-б
Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылынын калкын сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 257-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылында жайгашкан "Отуз-Адыр" насостук станциясын (мындан ары - объект) мамлекеттин менчигине кабыл алууну камсыз кылсын;
- объектти мамлекеттин менчигине кабыл алуу жол-жобосу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти объектти мамлекеттин менчигине кабыл алуу жол-жобосу аяктагандан кийин белгиленген тартипте:
- объектти оперативдүү башкарууга кабыл алсын жана аны мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- объектти күтүүнү жана эксплуатациялоону республикалык бюджеттен каралган каржылоонун чегинде жүзөгө ашырсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |