КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 14-июну № 230-б
Медициналык тейлөөнүн сапатынын заманбап деңгээлине жетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Онкология жана гематология улуттук борборунун Бишкек шаарында жайгашкан объекттерин (мындан ары - объекттер) долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча бирдиктүү заказчы катары чыксын;
- объекттерди долбоорлоо, куруу жана капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды аткаруу үчүн башкы долбоордук жана подрядчы уюмдарды аныктоо боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзсүн;
- объекттерде аталган жумуштарды жүргүзүүгө чыгымдардын сметасын даярдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги берген объекттерде аталган жумуштарды жүргүзүүгө чыгымдардын сметасына ылайык 2017-жылдын республикалык бюджетинин алкагында акча каражатын таап жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашууга ылайык бөлүп берсин;
- ушул буйруктан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети объекттерди долбоорлоодо, курууда жана капиталдык оңдоодо көмөк көрсөтүшсүн.
4. Бишкек шаарынын мэриясына, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Түндүкэлектр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна жана башка эксплуатациялоочу инженердик уюмдарга объекттерди долбоорлоодо, курууда жана капиталдык оңдоодо көмөктөшүү сунушталсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Ш. Жээнбеков |