Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-августу № 380-б
Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясы жана кургак учук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Улуттук конференцияга даярдык көрүү жана ийгиликтүү өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясы жана кургак учук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Улуттук конференцияга (мындан ары - Улуттук конференция) даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө Улуттук конференцияга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитсин жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Улуттук конференциянын иш-чараларын өткөрүү менен байланышкан чыгымдар катышкан мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген тартылган каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында АИВ-инфекциясы жана кургак учук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Улуттук конференцияга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Султанбекова Чолпон Аалыевна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Орозалиев Алмаз Кыдырмаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Горин Олег Вячеславович | - | Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Калиев Марат Темирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору; |
Жапаров Таалайбек Токталиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Кадырбеков Улан Кушпакович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "СПИД" республикалык борборунун директору; |
Кадыров Абдулат Саматович | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борборунун директору; |
Сарыбаева Мээрим Эдильбековна | - | Бириккен Улуттар Уюмунун АИВ/СПИД боюнча Бириккен программасынын (ЮНЭЙДС) өлкөлүк директору (макулдашуу боюнча); |
Султангазиев Айбар Турдубекович | - | "Өнөктөштүк тармак" ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча); |
Калиниченко Евгения Викторовна | - | "Өлкөлүк тармак" ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Хаитов Дильшат Кимсанбаевич | - | Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) "Кургак учукту жеңебиз" долбоорунун адиси (макулдашуу боюнча); |
Майтиева Венера Сарыгуловна | - | Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) "Борбордук Азиядагы АИВ боюнча флагман" долбоорунун Кыргыз Республикасында адвокациялоо маселелери боюнча техникалык кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Катькалова Оксана Анатольевна | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу Глобалдык фондунун АИВ жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча долбоорунун грантынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча). |