Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 18-сентябры № 407-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 503-б, 2018-жылдын 7-майындагы № 160-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында 2018-жылы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (мындан ары - Оюндар) ийгиликтүү өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) кызматы боюнча тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- ыкчам тартипте үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык иш планын бекитсин;
- 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорт бөлүгү боюнча жобону жана эрежелерди бекитсин;
- 2017-жылдын 1-ноябрына чейин пландалган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзсүн жана бекитсин.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
4. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик:
- 2017-жылдын 20-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жумушчу катчылыкты түзүү жөнүндө чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна ага төмөнкүдөй милдеттерди жүктөө менен киргизсин:
а) 2017-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө Оюндарды ачуу жана жабуу аземинин концепциясын иштеп чыгуу;
б) 2017-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө Оюндарга даярдык көрүүнүн жана уюштуруунун башталышына ("Башталган күн") арналган иш-чараларды уюштуруу;
в) туруктуу негизде Оюндардын иш-чараларын өткөрүүгө демөөрчүлөрдүн каражаттарын тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
- ушул буйруктан келип чыгуучу башка иш-чараларды ишке ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен бирдикте Оюндардын катышуучуларына акысыз негизде визаларды тариздөөгө жана визалык колдоого ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
7. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун иш-чараларга даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө тартылган чыгымдары 2018-жылдын бюджетинин чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган тартылган жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен ишке ашырылаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына Оюндардын жүрүшүн күн сайын чагылдыруу сунушталсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 160-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Тиркеме
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 503-б, 2018-жылдын 7-майындагы № 160-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 160-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
(абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-майындагы № 160-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Дүйнөлүк этностук оюндар" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы.