Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-майы № 160-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 407-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.";
2) жогорудагы аталган буйруктун тиркемесинде:
- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын социалдык блокту тейлөөчү вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;";
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);";
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи-жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);";
- төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;";
- отуз төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Абылгазиев |