Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 7-сентябры № 391-б
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирге Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 39а дареги боюнча жайгашкан имаратты жанаша аймагы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын оперативдүү башкаруусуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү аткаруу сунушталсын:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объектти оперативдүү башкарууга алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттин сакталышын жана максаттуу багытта пайдаланылышын камсыздасын.
3. Ушул буйруктун 1-пунктунда аталган, жанаша аймагы мекен оперативдүү башкарууга алынган имараттын чыгымдарын каржылоо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын тиешелүү жылга бекитилген бюджетинин чегинде жүзөгө ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объектти оперативдүү башкаруу укугун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |