Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 2-октябры № 443-б
Улуттук инновациялык системаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын аткарууга жооптуу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор:
- Иш-чаралар планынын тиешелүү пункттарын ишке ашырууну камсыз кылышсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына Иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө отчетторду берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымдап турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Тиркеме
2022-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын илимий-инновациялык өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Күтүлүүчү натыйжа | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Индикаторлор | Жооптуулар | Бюджет (сом) |
2018-2022 | |||||||
I. Инновациялык ишти ченемдик-укуктук камсыздоо | |||||||
1 | Инновациялык иш чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү | Инновациялык ишти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу укуктук негиздерди түзүү | Өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын актуалдаштыруу | 2019-жылдын IV кварталы | 1 | Кыргызпатент, Экономмин., БИМ, Саламатсакмин., ӨЭЖМК, УИА (макулдашуу боюнча) | 40000 |
"Технопарктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-2020-жылдар | 1 | БИМ, Экономмин., ӨЭЖМК, УИА (макулдашуу боюнча), Кыргызпатент | 40000 | |||
II. Инновациялык иштин инфратүзүмүн өнүктүрүү жана өбөлгөлөө | |||||||
2 | Келечектүү инновациялык долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшүү | Келечектүү инновациялык долбоорлорду табуу жана тандоо | Инновациялык долбоорлорго конкурс өткөрүү | Жыл сайын | 10 | Кыргызпатент, БИМ | 50000000 |
3 | Инновациялык ишти өнүктүрүүнү финансылык колдоо үчүн шарттарды түзүү | Инновациялык долбоорлорду ар кандай булактардан кайтарымдуу жана кайтарымсыз негизде каржылоо (бюджеттик каражат бөлүү, уюмдардын жеке каражаттары, банктык кредиттер, чет өлкөлүк инвестициялар ж.б.) | Мамлекеттик инновациялык фонд түзүү | 2018-жылдын IV кварталы | 1 | Кыргызпатент, Финмин, Экономмин., БИМ | Илимди каржылоонун жалпы бөлүнгөн көлөмүнөн 5% каражат |
4 | Инновациялык инфратүзүм объектилерин түзүүгө көмөктөшүү | Инновациялык-активдүү аймактарды түзүү | Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, илимий-изилдөө институттарынын жана жогорку окуу жайларынын алдында технопарктарды түзүү | 2018-2022-жылдар | 4 | Кыргызпатент, БИМ, УИА (макулдашуу боюнча) | 8000000 |
5 | Инновациялык ишти өнүктүрүүгө региондордун жигердүү катышуусун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү | Региондордо инновациялык ишти активдештирүү | Региондордо илимди жана ишканаларды бириктирүүчү инновациялык кластерлерди түзүүгө катышуу | 2018-2022-жылдар | 7 | Кыргызпатент | 1344500 |
III. Инновацияларды өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | |||||||
6 | Инновациялык адистиктер боюнча кесипкөй кадрларды даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу процессин уюштуруу | Кесипкөй кадрлар менен камсыздоо | Инновациялык адистиктер боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатуу | Жыл сайын | 20 | Кыргызпатент | 2732800 |
IV. Эл аралык кызматташуу жана инновациялык ишти маалыматтык камсыздоо | |||||||
7 | Инновациялык иш жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү | Инновациялык ишти өнүктүрүү жаатындагы көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу | Эл аралык конференцияларга, форумдарга жана көргөзмөлөргө катышуу | Жыл сайын | 20 | Кыргызпатент, БИМ | 2850800 |
8 | Инновациялык иш жөнүндө коомчулуктун маалымдар болуусун камсыздоо | Коомдо инновациялык ишти актуалдаштыруу жана жайылтуу | Калктын ишеним индексин жогорулатуу | Жыл сайын | 85% | Кыргызпатент | - |
|
|
| Инновациялык иш боюнча басма жана электрондук маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу | Жыл сайын | 1500 |
| 75000 |
9 | Инновациялык саясат маселелери боюнча инновациялык процесстин катышуучуларынын маалымдар болуусун камсыздоо |
| Инновациялык саясат жана инновациялык өнүктүрүү багыттары боюнча көргөзмө өткөрүү | 2018, 2020, 2022-жылдар | 3 |
| 3000000 |
|
|
|
|
|
|
| БААРДЫГЫ: 68083100 |
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
Финмин | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
Экономмин | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
Саламатсакмин | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ӨЭЖМК | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |