Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 599-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-октябры № 449-б
Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Жарандык турак-жай департаменти:
- Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлерине Бишкек шаары, Юдахин көчөсү, 64 дареги боюнча жайгашкан жер участогунда үч подъезддүү эки 9 кабаттуу 171 батирлүү эки үйдү (мындан ары - объекттер) долбоорлоо жана куруу боюнча бирдиктүү заказчы катары чыксын;
- ушул пункттун экинчи абзацында аталган объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык сатып алсын;
- ушул пунктунун экинчи абзацында аталган, курулуп бүткөн жана эксплуатациялоого киргизилген объекттерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди 2017-жылга республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржылануучу курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесине киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Жарандык турак-жай департаментине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди курууга кеткен чыгымдардын сметасына ылайык 2017-жылдын республикалык бюджетинен 40 млн. сом суммасында финансы каражатын бөлүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинде ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттердин курулушуна зарыл болгон финансы каражатын караштырсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |