Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-ноябры № 599-т
Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин социалдык-турмуштук шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти:
- Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлери үчүн Бишкек ш., Юдахин көч., 64 дареги боюнча жайгашкан, № 1 турак үйдүн 9 кабаттуу ири панелдүү бүтө элек объектинин (1а-эки подъездүү, 1б - бир подъездүү блоктору) курулушун аяктоо боюнча жана № 2 турак үйдүн курулушу боюнча бирдиктүү заказчы катары иш алып барсын;
- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды сатып алууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырсын;
- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн объекттердин бүткөрүлгөн жана пайдаланууга берилген бөлүгүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин балансына өткөрүп берсин.
2. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти менен менчик укугун аныктоо аркылуу турак үйлөрдүн курулушун аяктоону каржылоо жана "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому тарабынан салынган каражаттардын үлүшүн эсепке алуу менен батирлердин санын бөлүштүрүү боюнча макулдашуу түзүү сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментине ушул тескеменин 2-пунктуна ылайык курулуп бүткөн объекттердин бөлүгүн балансына кабыл алуу сунушталсын.
4. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна курулуп бүткөн объекттердин бөлүгүн Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлерине ипотекалык кредит аркылуу сатуу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-октябрындагы № 449-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |