Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-октябры № 453-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Минералдык жер семирткичтерди жеткирүү жаатында узак мөөнөттүү кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык соода тармагында кызматташуу аркылуу бекемдөөнү каалашып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелеринде чарбакер субъекттер менен башка уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт.
Ушул Макулдашуунун чегинде кызматташуу эл аралык милдеттенмелерге жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташтык ушул Макулдашуунун чегинде Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди түз жеткирүүлөр жаатында узак мөөнөттүү негизде ишке ашырылат.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптардын жооптуу аткаруучу органдары төмөнкүлөр болушат:
кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
өзбек Тараптан - Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министрлиги.
4-берене.
Өзбек Тарап Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 100,0 миң тоннадан кем эмес өлчөмдө азоттук минералдык жер семирткичтерди ар жылдык жеткирүүлөрүнүн квотасын белгилейт, анын ичинен:
- аммиак селитрасы - 60,0 миң тонна;
- карбамид - 40,0 миң тонна.
5-берене.
Кыргыз Тарап өзбек Тараптан минералдык жер семирткичтерди өзүнүн каражаттарынын эсебинен өз ара макулдашылган баалар боюнча сатып алат.
6-берене.
Тараптар минералдык жер семирткичтерди Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына тоскоолдуктарсыз импорттоо (экспорттоо) үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө макулдашты.
7-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан пикир келишпестиктер, ошондой эле пайда болгон талаштар же форс-мажордук жагдайлар Тараптардын ортосунда консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жөнгө салынууга тийиш.
8-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 9-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
9-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана жети жыл бою колдонулат. Аталган мөөнөт өткөндөн кийин, эгерде Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө, кезектеги жети жылдык мезгил баштала турган датага чейин алты ай ичинде билдирбесе, ушул Макулдашуу кийинки жети жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
_______________ шаарында 2017-жылдын "___" октябрында эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ болот.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |