Редакцияот 28.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 28-сентябры № 436-б

"CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин (мындан ары - Өкмөт аралык кеңеш) 2017-жылдын 1-октябрында Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында болуучу кезектеги жыйынына катышуу үчүн:

1. Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Өкмөттөр аралык кеңештин "CASA-1000" электр энергиясын берүү долбоору боюнча Башкы макулдашууга, Долбоордун учурдагы структурасына оңдоолорду жактыруу жөнүндө жана Долбоорго байланыштуу маселелер тууралуу" Резолюциясынын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын башчысына жогоруда аталган Резолюцияга жана Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыктоочу документтерине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык иш сапарга жөнөткөн уюмдар тарабынан төлөнсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

"CASA-1000" электрэнергиясын берүү долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын КУРАМЫ

Оморов Азамат Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, делегациянын башчысы;

Калиев Айбек Рыспекович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компания" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Айткулов Медетбек Ашыркулович

-

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Кыдырбаев Узак Асанкарыевич

-

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).