Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 4-октябры № 451-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө бажы операцияларын жүргүзүүнүн жеңилдетилген тартибин уюштуруу тууралуу макулдашуунун ("Жеңилдетилген бажы коридору") тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Дж. Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө бажы операцияларын жүргүзүүнүн жеңилдетилген тартибин уюштуруу тууралуу макулдашуу ("Жеңилдетилген бажы коридору")
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети (мындан ары - Тараптар) 2000-жылдын 27-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы иштеринде кызматташуу тууралуу макулдашууну, 2013-жылдын 11-июнунда Херсон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат менен алмашууну уюштуруу тууралуу протоколду жетекчиликке алып;
Тараптардын мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктарын коргоо максатында Тараптардын ортосунда кызматташуунун маанилүүлүгүн эске алып,
соодага көмөктөшүү, товар жүгүртүүнү жогорулатуу, тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү аркылуу Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда сооданы жөнөкөйлөтүү зарылчылыгын белгилөө менен,
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы соода коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин аймактарынан чыккан товарларга карата бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында алдын ала маалыматты электрондук алмашуу аркылуу бажы кызматташуусунун маанилүүлүгүн таанып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар туруктуу негизде "Жеңилдетилген бажы коридору" (мындан ары - ЖБК) деп аталган соодага көмөктөшүүчү жол-жобо колдоно турган өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары, тышкы экономикалык иштин катышуучулары тууралуу алдын ала маалымат менен ушул Макулдашуунун 3-беренесине ылайык алмашат.
Тараптар ЖБК катышкан бажы органдарын өз алдынча белгилейт жана бул тууралуу бири-бирин кабарлайт.
2-берене.
Тараптар алдын ала маалымат менен алмашуунун техникалык шарттарын макулдашат жана алдын ала маалымат алмашууну 2013-жылдын 11-июнунда Херсон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат менен алмашууну уюштуруу тууралуу протоколго ылайык жүзөгө ашырышат.
Алдын ала маалымат орус тилинде берилет.
3-берене.
ЖБК катышкан жана ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу так маалыматты берген жактар, төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ болушат:
ЖБКга катышпаган жана Кыргыз Республикасында жана Өзбекстан Республикасында бажы тариздөөсүн жүзөгө ашырган жактарга салыштырмалуу бажылык тариздөө жайларында (негизги) артыкчылык берүү;
бажы операцияларынын тездетүү;
эгерде Тараптардын мамлекеттеринин бажы мыйзамдары Тараптар колдонуучу тобокелдик профилдерине жана санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды колдонуунун жалпы принциптерине ылайык бузуулар табылбаса, Тараптардын мамлекеттеринин мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына бажылык тыкыр кароо жүргүзүлбөйт. Бажылык тыкыр кароо зарыл болуп саналса, ал мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
4-берене.
ЖБК бир Тараптын мамлекетинин аймагында өндүрүлгөн жана Тараптардын биринин мамлекетинин аймагынан транспорт каражатынын бардык түрлөрү менен ташып чыгарылган жана экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына ташып киргизилген товарларга карата колдонулат, алардын тизмеги ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы өзүнчө Протокол менен аныкталат. Алдын ала маалымат берилбеген товарларга карата ушул Макулдашуунун 2-беренесине ылайык ЖБК колдонулбайт.
5-берене.
Тобокелдиктерди башкаруунун улуттук системасын колдонуу менен Тараптардын мамлекеттеринин ортосунда өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык контролдоо максаттары үчүн Тараптар алдын ала маалыматты колдонууну камсыз кылышат.
6-берене.
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун алкагында алынган алдын ала маалыматты аны берген Тараптын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу жок үчүнчү жакка жарыялабоого жана бербөөгө милдеттенишет.
7-берене.
Алдын ала маалымат берилген товарларды туура эмес декларациялоо жана декларациялабоо менен байланышкан Тараптардын мамлекеттеринин бажы мыйзамдарын бузуу табылган учурда, ар бир Тарап мындай бузуулар жөнүндө башка Тарапты мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө маалымдайт.
8-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан маселелер менен алектенген өздөрүнүн ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө бири-бирине маалымдашат.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана өзүнчө протоколдор менен таризделет.
10-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө же аткарууда пайда болгон Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарламаны экинчи Тарапка жөнөтүү жолу менен каалаган Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотушу мүмкүн. Мындай учурда аталган кабарламаны экинчи Тарап алган учурдан тартып үч айдан кийин ушул Макулдашуунун колдонулушу токтотулат.
___________________ шаарында 2017-жылдын "___" ______________ эки нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Макулдашуунун жоболорун чечмелөө максатында орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети үчүн |